Атасынан айрылган Артем Новиков сыздап, ыйлай тургандай эскерүү жазды

Атасынан айрылган Артем Новиков сыздап, ыйлай тургандай эскерүү жазды

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун атасы Новиков Эдуард Викторович бүгүн, 16-июлда каза болду. Атаны жоготуу кандай оор! Артем Эдуардович «Фейсбуктагы» баракчасына көзгө жаш ала тургандай эскерүү жазды…

— Бүгүн биз 70 жашында атабыздан айрылып калдык. Ушундай жашта жакыныӊдан айрылуу кандай гана оор. Жан дүйнөмдү боштук ээлеп, мен үчүн бүт дүйнө урап түшкөндөй болду.

Атам мен үчүн бардыгы болчу: арка жөлөгүм, опол тоом, колдоочум, насаатчым, досум. Чай үстүндө бардык нерсени сүйлөшкөндү жакшы көрчүбүз. Бирок дайым болуп жүргөндөй бизге убакыт аздык кылды. Мен атама көп нерсени айтканга жетишпей калдым. Ал керемет, бай, мазмундуу өмүр сүрүп өттү. Болгон бош убактысын неберелерине арнады. Бул биргеликте өткөргөн эӊ бир керемет өмүр саякаты болду. Бул эскерүүлөр өмүр бою эсимде сакталат!

Атам Новиков Эдуард Викторович РСФСРдын Тверь облусунун Калинин шаарында 1951-жылы 28-августта төрөлгөн. 1961-жылы үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келип, Фрунзе шаарында №28 мектепти аяктаган. 1976-жылы Мурманск жогорку инженерия деӊиз окуу жайын “Деӊиз жолдорунда кеме башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн. Өмүрүн толук деӊизге арнады.

Эмгек жолун Керчь шаарындагы Кара деӊиз флотунда баштаган. 30 жашка чыкканга чейин эле алыска сүзүүнүн капитаны наамын алганга жетишкен. Флотто 1991-жылга чейин кызмат кылды. Советтер Союзу урагандан кийин үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келип, жеке ишин түптөп ишкерчилик менен алектенген. Акыркы жылдары “Дүйнө генералдары тынчтык үчүн” эл аралык ассоциациясында статс-катчы иштеп жаткан эле. Ал мазмундуу, кызыктуу өмүр сүрдү, альпинизм, саясий иликтөөлөр менен да алектенди, бардык бош убактысын неберелерин тарбиялоого, камкордук кылууга жумшады.

Өз жакындарыӊарды коргогула, алар менен көбүрөөк убакытты бирге өткөргүлө. Кийин баары кеч болуп калышы мүмкүн…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Артем Эдуардовичке, жакындарына атасынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.