Эл аралык конференцияга Шавкат Мирзиёев, Акылбек Жапаров, Ибрагим Жунусов катышты. Эмнелерге макулдашуу болду?

Эл аралык конференцияга Шавкат Мирзиёев, Акылбек Жапаров, Ибрагим Жунусов катышты. Эмнелерге макулдашуу болду?

Бүгүн, 16-июлда Ташкент шаарында «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Тобокелдиктер жана Мүмкүнчүлүктөр» аттуу Эл аралык конференциясынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жана Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов катышты. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ачылыш аземге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Афганистандын президенти Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Борбор Азия, Орусия, Кытай, Азербайжан, Беларуссия, Сауд Аравия Королдугу, Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, БУУ, КМШ, ЭКО, ТМКК, ШКУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ЕБ, БУУнун билим берүү, илимий жана маданий уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын башчылары да катышкан.

Эл аралык конференциянын максаты — транспорттук жана логистикалык, энергетика, соода, өндүрүш, инвестиция, технологиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө «Борбордук Азия — Түштүк Азия» өз ара пайдалуу стратегиялык байланыш моделин көп тараптуу талкуулоо үчүн саясий жана эксперттик аянтчаны түзүү.

15-июлда Акылбек Жапаров Өзбекстандын бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов, Ташкент шаарынын мэри Джахонгир Артыходжаев, Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министринин биринчи орун басары Илхом Норкулов, Мамлекеттик салык комитетинин төрагасынын 1-орун басары Мубин Мирзаев менен жолугушту.

Бул жолугушуунун максаты — байланыштарды түзүү жана экономикалык чөйрөдө мындан ары тыгыз кызматташуунун жолдорун талкуулоо. Мындан тышкары, ушул жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарында кол коюлган Өнөр жай кызматташтыгы жаатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планын («Жол картасы») ишке ашыруу маселелерин жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн келерки жылы 2 млрд. АКШ долларына жеткирүү талкууланды.

Ошондой эле, Өзбекстандын Бажы комитетинин Борбордук бажы лабораториясынын иши көрсөтүлдү. Анда Акылбек Жапаров чек ара бажы постторунун иши, анын ичинде аэропорттордогу реалдуу убакыт режиминде координациялоого жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген кырдаал борборунун иши менен, «Ташкент Сити» көңүл ачуу зонасынын долбоору, таштандыларды сорттоо пункттарын уюштуруу, катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, сорттоо, кайра иштетүү жана эмгекке акы төлөөнү уюштуруу иштери менен таанышты.

Тажрыйба алмашуу максатта Ташкент шаарынын мэриясы тарабынан толук маалыматтар, башкы план жана Ташкент шаарында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу презентациясы сунушталып, бул багыттагы кызматташууну мындан ары тереңдетүү макулдашылды. Ташкент шаарынын акими кызыккан бардык маселелер боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинде министрдин биринчи орун басары И.Норкулов менен жолугушуу болуп өтүп, жакырчылыктын деңгээлин аныктоонун улуттук ыкмасы жөнүндө суроолор көтөрүлдү. Бул тармакта да кызматташуу үчүн болгон потенциалды пайдалануу боюнча макулдашылды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.