Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 16-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Ой, ким бул ой?

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев 66 жашта, ал Бишкек шаарында 1955-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Юрист, тарыхчы. Ал 1982-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, 1997-юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1982-1992-ж.ж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин саясий тарых кафедрасынын ага окутуучусу, доценти;

1992-!998-ж.ж. Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

1999-2002-ж.ж. Казак Укук жана Эл аралык мамилелер институтунун Бишкек филиалынын директору;

1998-2007-ж.ж. доцент, Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору;

2007-2021-ж.ж  КРСУнун Юридикалык факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ноябрь айындагы президенттик башкаруу формасына ыктаган жаңы Баш мыйзамын даярдоодо Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон. 2021-жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров кол койгон Конституцияны жетектеп, Конституциялык кеңешме жазган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.