Камчыбек Ташиев Аалым Чубак ажы Жалилов атындагы мечитти ачты

Камчыбек Ташиев Аалым Чубак ажы Жалилов атындагы мечитти ачты
Бүгүн, 17-июлда, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылында Аалым Чубак ажы Жалилов атындагы мечит ачылды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, мечиттин ачылыш аземине маркумдун атасы, балдары, Кыргызстандын азыркы, мурунку муфтийи, белгилүү дин аалымдары, жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
Ачылыш аземине карата медреселерде билим алып жаткан жаштар ортосунда Куран окуу сынагы да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мечиттин курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев туугандары менен чогуу каржылаган.
Аалым Чубак ажы мечитинин курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында, Чубак ажы Жалиловдун катышуусу менен алгачкы капсула салынып башталган болчу.

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 2020-жылы июлда 45 жашында пневмониядан каза болгон.

Чубак ажысыз бир жыл, атасынын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.