ВИДЕО — Чынар БЕЛЕГЕНОВА: «Мыкты мугалимибизден айрылып калганыбызга аябай ичибиз ачышат»

ВИДЕО — Чынар БЕЛЕГЕНОВА: «Мыкты мугалимибизден айрылып калганыбызга аябай ичибиз ачышат»

Эсен болуп, эстей жүр!

Коомчулукта «каралуу» аталып калган 2020-жылдын июль айы «жалмаган»  миӊдеген өмүрлөр арасында канча деген иш билги, мыкты кесипкөй  мугалимдер, дарыгерлер, тартип сакчыларынан айрылганбыз. Ошол кайгылуу тизмеде Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын физика боюнча мыкты мугалими, Билим берүүнүн отличниги Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна да бар эле. Ал «жакшы болуп кетер» деп үмүт кылган жакындарын ыйлатып ошол «каралуу» июль айынын 17синде өмүр менен кош айтышып кете берген болчу…

Турмушунда эки уул, бир кыз тапкан, бирок, тилекке каршы, кокустан болгон жол кырсыгынан улуу уулунан ажырап калып, анын элесин өмүр бою жүрөгүндө сактап, кийин жети неберенин, эки чөбөрөнүн чоӊ апасы-тайнеси болуп кубанычы ашып-ташый турган маалда эӊ кенжетайларынын көргөнгө жетишпей калган Уулкелсин Жолдошевнанын балдарына апасыз өткөн бир жыл оңой болгон жок. Уул-келини, неберелери кайгыларын жүрөккө катса, кызы Жылдыз азыркыга чейин көз жашын тыя албай келет…

Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевнанын 40 жылга жакын өмүрүн арнаган мектебине барып, ал дайым сабак өтчү физика кабинети ээнсиреп калганын көрдүк. Окуучулар отурган класска мугалимдер отуруп, жүрөктөр тереӊинде жылуу элестерди калтырган кесиптешин «Уулкелсин Жолдошевна супер мугалим болчу, анын жоктугу  бир жылда кадимкидей сезилди» деп бир ыйлап, бир сооронуп отуруп эскерип беришти…

Ошол №64 мектеп-гимназиясынын директору Белегенова Чынар Джакыпековна мыкты мугалимдин эмгектеринен кеп кылып, кесиптештерине, окуучуларына, балдарына, неберелерине болгон жылуу мамилесин, адамгерчилигин айтып берди.

Өмүр баян… Өмүр сапар…

Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна 1948-жылы 26-мартта Талас районунун Арал айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1965-ж. орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң ошол кездеги Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) физика факультетине тапшырган. Институтту аяктагандан кийин эмгек жолун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында мектептен баштаган.

1970-1972-ж.ж. ишин өзү бүтүргөн институтта уланткан.

1972-1986-ж. ж. Фрунзе политехникалык институтунун техникалык физика кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

1986-жылы № 64 мектеп-гимназиясына физика мугалими болуп келип, өмүрүнүн акырына чейин 40 жылга жакын ошол жерде балдарга билим берип эмгектенген.

Уулкелсин Жолдошевна жөн-жай мугалим болгон эмес, ал 1987-1990-ж.ж. шаардык физика мугалимдеринин шаардык секциясынын башчысы болгон. 10-11-класстын окуучулары үчүн эксперименталдык, модификацияланган физика программаларынын автору.  9-11-класстын окуучулары үчүн физика тесттерин иштеп чыгып, түзгөн.ж.ж. шаардык физика мугалимдеринин шаардык секциясынын башчысы болгон. 10-11-класстын окуучулары үчүн эксперименталдык, модификацияланган физика программаларынын автору.  9-11-класстын окуучулары үчүн физика тесттерин иштеп чыгып, түзгөн.

1995-1996-ж.ж. «Мыкты кабинет» сынагына катышып, 1-орунду жеӊип алган. Ошол эле жылы «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болгон.

1996-1997-ж.ж. шаардык, республика боюнча «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, 1-орунду жеӊип алган. Өзү эле эмес, анын окуучулары да жыл сайын физика боюнча шаардык, республикалык олимпиадаларга активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп турушкан.

Бир нече жыл окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон.

Кеп соӊунда айтарыбыз: аёосуз адам өмүрүн алган коронавирус бизден алыс узай элек…

Ааламды аралай адам өмүрлөрүн алып жаткан коронавирус илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан башталып, кыска аралыкта эле дүйнөгө жайылган болчу. Бизге, Кыргызстанга 2020-жылы жазында келгени эсибизде: COVID-19 вирусуна чалдыккандар 18-мартта аныкталган.

Ошондон бери коронавируска байланыштуу «мынча адамдан айрылдык, мынча адам айыгып чыкты, мынча адамдан аныкталды» деп «статистиканы» берип келаткан ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-июлга карата берген маалыматы боюнча аталган илдеттен 11 адам көз жумуп, алтоо Бишкекте, үчөө Баткенде, бирден адам Жалал-Абад жана Нарын облустарында кайтыш болгон. Бул оору 1564 адамга жуккан, басымдуусу Бишкекте — 778; Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 205, Ош облусунда — 48, Талас облусунда — 24, Нарында — 24, Ысык-Көлдө — 51, Жалал-Абадда — 85, Баткен облусунда 116 адам коронавируска кабылган. Ушуну менен былтыркы марттан бери COVID-19 тумоосуна 147 968 адам  чалдыгып, 124 058 адам илдетти жеңип сакайып чыкса, тилекке каршы, жазмыш экен, 2165 жараныбыздан айрылганбыз.

Бизден алыс узай элек тумоодон беткап тагынып, тийиштүү тазалык эрежелерин сактап сак бололу, аман бололу, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Чынар БЕЛЕГЕНОВА: «Мыкты мугалимибизден айрылып калганыбызга аябай ичибиз ачышат»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.