ВИДЕО — Эртеден кечке апасынын сөөгүн моргдон күткөн кош бойлуу Жылдыз…

ВИДЕО — Эртеден кечке апасынын сөөгүн моргдон күткөн кош бойлуу Жылдыз…

Эсен болуп, эстей жүр!

2020-жыл, 17-июль. 40 жыл эмгегин мектепке арнаган мыкты мугалим жеӊебиз Уулкелсин Калдымолдоева 72 жашында коронавирустан көз жумган күн. Былтыркы, 2020-жылдын «каралуу июль айы» эске түштү. Арман жазган жагынан адис болуп калдым окшойт. Жолдошум Эрнистен 29-январда ажырагандан бери арман гана жазып калдым, башка эч нерсеге көӊүл жок. Билинбей эле жыл айланып кетиптир.

Байымдан ажыраганыма эч ишене албай, өзүмө келе албай жүргөндө, куураган коронавирус март айында Кыргызстанга келип, үйгө камап салды эле. Июлда толкуну катуу күчөп, бир топ адам өмүрүн кыйып кетти. Дагы эле айланчыктап кетпей, күнүгө жарандарыбыздын катарын суюлтуп жатат… .

Былтыр таӊ атпай Зууракан эжемден жаман кабар келди, «Жеӊебиз өтүп кетиптир. Биз бара албайбыз, жездеӊ да ооруп жатат» деп. Тынчтык жездем да катуу ооруп, ооруканага жатып, араӊ айыгып чыккан. Бул жаман илдет ал жездебиздин да үч бир тууганын катар алып кетип зээнди кейиткен…

Жеӊем ооруп калганда, эч бир жер кабыл албай, «Ганси» автобазасындагы обсервация кабыл алды эле. Жеӊемди баласы — иним Алмаз экөөбүз жеткирип, «Красная зонага» чейин аралап жетелеп кирдик эле. Кудай бетин салбасын, эл жапырт ооруган жаман көрүнүш экен: бири какылдап тынбай жөтөлгөн апасын алып келип, бири «атакелеп», дагы бири «апакелеп», өзүн унуткан ата-эне «балам», «кызым» деп ыйлап, чебелене күйпөлөктөгөн эле адамдар. Ээси ооп жаткандарды көрүп эсибиз чыгып, дарыгерлердин тынымсыз чуркап жетишпей жатышканын көрүп, кудайым пендем десеӊ бул көрүнүш тынчып, кайталанбаса экен деп жалбардык эле!

Анан… жеӊемди акыркы көргөнүм ошол болуптур… Иним Алмаз да ооруп жүргөн эле. Ал өзүн унутуп, апам айыгып кетсе экен деп жан үрөп чуркады, башка обсервацияга дарыланууга жөнөтүшсө да, суранып Гансиге барып, апасынын жанына жатты. Тилекке каршы, тилеги аткарылбады, апасын ажал алып кетти. Ичи тызылдап жатса да, карманып жатканын билдик. Кийин айтып жатпайбы, «Апамдан ажыраганымды укканда шейшепти чүмкөнүп алып ыйлап жаттым. Балдарымды эстеп өзүмдү кармандым» деп. Суук кабарды уккандан кийин келиним Жазгүлгө чалсам, үйдө балдар эле калганын айтып, «Чолпон эжем менен Алмазды алып келгени баратабыз. Силер үйгө барып тургулачы ээ» деп өтүнүч кылганынан, Көк-Жарга келип, алардын келишин күтүп калдык…

«Кош бол, апа! Кечир мени апа!»

Эрлан иним, сиӊдим Салима болуп келсек, жеӊебиздин небереси садагаӊ болоюн Жазайка ыйлап камыр ачытып жатыптыр. Бизди көрүп эле камырын таштап, кучактап, солкулдап аябай ыйлады. Уул небереси Нурсултанга чоӊ энесинин өтүп кеткенин айта албай койдук. Себеби, ал дагы ооруп турган эле… Атасы Алмаз келип өзү угузду, аябай ыйлады. Келиним Жазгүл да: «Апамдын акыркы сөзүн укпай калдым, мага ыраазы болуп кетти бекен?» деп ыйлап жиберди. «Сага ыраазы болбогондо кимге ыраазы болот. Сен аябай жакшы келин болдуӊ» деп соороттук. А чынында мыкты келин.

Жеӊемдин кош бойлуу кызы Жылдыз сиӊдимди сурасам, ал уккандан бери апасынын сөөгүн Донецкийдеги моргдо күтүп жүргөнүн айтышты, жүрөгүм сыздап кетти. Алтын сиӊдим ай, боздоп ошол жерде жүрүптүр…

Таӊкы 5те үзүлгөн жеӊемдин сөөгүн инилерим кезекке туруп кечки 5те алып чыгышты. Жылдыз сиӊдим ал жерден мүрзөгө чейин апасынын сөөгүн ээрчип барыптыр, «Алыстан болсо да апамды акыркы сапарга узатайын» деп сыздаптыр. «Кантип көмгөнүбүздүн баарын Жылдыз апчем көрүп турду» деп Эрлан иним кейип айтканда, ого бетер сай-сөөк сыздап кетти…

Ана-мына көз жарам деп турганда, капысынан апасынан айрылып калды… Алтын сиӊдим Жылдыз: «Алтын апа, жаткан жериӊиз жайлуу болсун! Жаннаттан жай берсин!Кош бол эми, апа, айла жок, арга жок. Кечир, мени!..»,- деп кечирим сурап ыйлап келатат. Куураган коронавирус болбосо апасын көрүп, бетинен сүйүп калат эле да. Кош бойлууларды, дегеле эч кимди киргизбей жаткан учур эле…

Экөөбүз жолуккан сайын ал жеӊемди, мен Эрнисимди айтып ыйлап калабыз… «Аман-эсен көз жарып, Саян аттуу уулдуу болдуӊ. Ушул үч уул, бир кызыӊ, жолдошуӊ үчүн белди бекем буушуӊ керек! Бала деген бакыт, ошол бакытты мен көрбөй калдым да. Кайра-кайра боюмдан түшүп, бала мага буйруган жок. Ал дагы өзүнчө чоӊ арман… Жеӊем неберелерин көрүп кетти. А менин Эрнисим небере жыттабай, жаш кетти. Айта берсем арман көп, кайрат кыл!» деп сиӊдиме кайрат айтам.

«Атам жок, апам жок, Бакыт байкем жок» деп жүрөктү оорутат… Бакыт иним кокусунан жол кырсыгынан жапжаш, 20 жашында каза болуп калып, баарыбызды сыздатып кеткен…

Жазайым менен Нурсултан ыйлап…

Боз үй тигилбей, колго тийбей кеткен жеӊеме бир кой союп, боорсок кылып, багыштап куран окуп, кошуналарга таратып койдук. Молдонун айтканын кылдык. Биздин апабыз да айылда болчу. Врач байкебиз да Ысык-Көлдө эле. Жол жүрүүгө чектөө киргизилген. Улууларыбыздын баары жеӊемди акыркы сапарга узатууга келе албай калышты. Эӊ улуусу эле мен болуп калдым. Ини-сиӊди, келиним баары мени карашат. Ары карап Эрнисимди эстеп, «Байым акылыма акыл кошчу эле, кыйын учурда жанымда эле» деп ыйладым. Бугубуз чыкпай, бири-бирибизге көӊүл айтып сыртта отурдук…

Небереси Нурсултан: «Эмне, боз үй тикпейбизби? Чоӊ апам:»Боз үй тигилет, көп адамдар келет, жакшылап ыйлагыла!» деп айткан да»,- дейт. Жазайка болсо, телефонун чукулап, «Апам Мирбек Атабековдун аткаруусундагы «Өмүр» деген ырды жакшы көрчү, ушул ырды дайыма укчу» деп көзүнөн жаш токтобой ал ырды кайталап угуп жатты… Таргыл мышыгы жакындап келип калса, «Бул мышыкты да жакшы көрчү да, дайыма эт берчү» деп аны кучактап дагы ыйлады…

Ушул, баарыбыз жакшы көргөн эрке, боорукер, жароокер, акылдуу кызыбыз учурда операция болуп ооруканада. Операцияны КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков жасады, ыраазыбыз. Алтын колдуу дарыгердин колунан алтын кызыбыз жакшы болуп чыгат деп күн санап жатабыз.

«Өмүрдү» укканда Эрнисимди эстеп…

«Өмүр» деген ырды укканда жаралуу жүрөгүм Эрнисимди эстеп кеттим, акыркы күндөрү ушул ырды угуп калган эле. Бир жолу: «Бул ырдын текстин ким жазды экен, ыя? Акын Азада Бегимкулованыкына стилине окшош экен» деп ойлонуп отуруп калды эле. Эрнисимдин касиетин эстедим, 2019-жылы, ноябрда Тынчтык жездемдин апасы каза болуп, «Атлас» ресторанына куран окутушканда, Уулкелсин жеӊемди көргөнбүз. Жолдо келатканда: «Нази, Уулкелсин жеӊе ооруп жүрөбү, өӊү жакшы эмес. Эмки жылы көп адам кетет, начар жыл болот» деди. Чочуп кеттим, себеби, байымдын айтканы туура келчү да. Жаӊы жыл тосуп атканда да ушул сөзүн айткан эле. Тилекке каршы, туура келди. Ал жылдын башында өзү кете берди. Эрнисиме дал ошол «Атлас» ресторанына куран окуттук. Ошол жерге Уулкелсин жеӊем келип: «Деги эмне болуп кетти? Эрнис жакшы күйөө бала болчу, жаш кетти. Белиӊди бекем буу эми, курандан башка арга жок. Мендей абалда калдыӊ. Мен да байкеӊди жоктоп жүрбөймүнбү» деп аябай ыйлады эле…  Экөө бир жылда кетти…

Кечээ жеӊемдин мектебине барып, мугалимдерден эскерүү алганда, небереси Нурайымдын тоюн эстедим. Тойго ушул кесиптештери келди эле. 2019-жылдын 8-октябры эле. Биздин столго жеӊем келип, бизди мугалимдердин столуна ээрчитип барып, «Бул менин кайын сиӊдим, бул жолдошу Эрнис, айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Менин чалым Мелисти жакшы көрчү эле» деп Эрнис менен сыймыктанганын айтып, тааныштырды эле…

Таӊгалыштуусу, байкем, жеӊем, Эрнис үчөө түшүмө кирип, ээрчишип үйгө келишти. Байкем: «Назира, сен эмне Эрнисти чанып башкага турмушка чыкканы жатасыӊбы? Кой, Эрнистей күйөө таппайсыӊ», — деди. Чочуп ойгонуп кетсем, түн бир оокум экен. «Тобо, тиги дүйнөдө жашоо бар» деген чын окшойт. Күйөө баласы менен байкемди жеӊем тааныштырган го. Тобо!» деп эле жакамды кармап, кирпик каккан жокмун. Уйкум качты, көз жаштарым жаздыгыма таамып жатты..

Коштошуу, жоктоо ырлар…

Менин Мамбетжан байкем — Жакшылык атабыздын иниси. Ал Уулкелсин жеӊебизди катуу сүйдү. «Укеним» деп эле турчу…

Байкем катуу ооруп төшөккө жатып калды. Ошондо да, 2012-жылы июнь айынын башында жеӊеме арнап мындай деп ыр жазыптыр:

«Акырындап соолуп барат өмүрүм,

Канчаласам көтөрүлбөйт көӊүлүм.

Эх, кемпирим, эми эмне кылайын?

Эч келбейт го сенден кетип бөлүнгүм».

 Жеӊем байкемдин көзү өткөндөн кийин армандуу жообу:

Жазганыӊ калды өзүӊ жок,

Жан биргем азыр көзүӊ жок.

Жабыркап басып жүрөмүн,

Жаным бар, бирок ичим чок.

Сүрөтүӊ турат өзүӊ жок,

Сүйлөшкүм келет сөзүӊ жок.

Сүйрөлүп басып жүрөмүн,

Сүлдөрүм калды, ичим чок.

15-октябрь, 2012-жыл

Жеӊемдин жоктоо ыры:

Бирөөлөр үчүн карысыӊ,

Мен үчүн бирок бала элеӊ.

Билинбей жүрүп бул оору,

Балталап кетти өмүрүӊ.

«Кемпирим, алтын» деп жүрүп,

Кенебей жүрдүӊ ооруну.

Кейишке салып сен кеттиӊ,

Карыган чакта кемшейтип.

Тилегибиз жакшы эле,

Чөбөрө көрөлү деген.

Тилекке бизди жеткирбей,

Шум ажал келди неге эрте?

Узак жол бастык төтөлөп,

Уулду бактык экөөлөп.

Нурсултан тоюн көрө албай,

Нур болуп учтуӊ көкөлөп.

Кыя жол бастык төтөлөп,

Кызды бактык экөөлөп.

Темирлан тоюн көрө албай,

Теӊирге кеттин көкөлөп.

Кымбатым, менин ардагым,

Нурайым кызыӊ ыйлаттыӊ.

Айдайыӊ калды артында,

Искениӊ кимди таяталайт?

Ачуу сөз чыкпай оозуӊдан,

Аябай жакшы жашадык.

Алдыда калган өмүрүӊ,

Алмазга берсин Жараткан.

Жаман сөз чыкпай оозуӊдан,

Жашыӊда элеӊ ыймандуу.

Жашабай кеткен өмүрүӊ,

Жылдызга берсин Жараткан.

Артында калды уул-кызыӊ,

Дагы алты небереӊ.

Ардагым эми кайыр кош,

Артыӊдан бир күн барамын.

Бармактайдан баш кошкон,

Барчыным кеттин оо дүйнө.

Барган жерин жай болсун,

Бакыт уулун колдосун!

Жакшы бар, жаным ардагым,

Жаныӊды алды шум ажал.

Жанаттан берсин жакшы орун,

Жараткандан суранам.

2012-жыл 15-сентябрь

Сырдашым элеӊ сыр каткан,

Сырымды сен жок кимге айтам?

Муӊдашым элеӊ муӊ айткан,

Муӊумду сен жок кимге айтам?

Тепкедей кезден теӊ өскөн,

Теӊтушум элеӊ жан биргем.

Теӊтушумду неге эрте,

Теӊирим мени айрыдыӊ?

Ээрчишип дайым жүрчү элек,

Эгиз туулган жандардай.

Эмнеге эрте айрыдыӊ,

Эӊгиретин өзүмдү?..

01.10.2012-жыл

«Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып»

Байкем менен жеӊемдин ыр жазаарын билбепмин. Мага ачылыш болду. Бул ырларды бүгүн альбом карап отуруп таап алып, чыгардым. Адам сүйүнгөндө, күйүнгөндө ыр жазаары ачуу чындык. Мен дагы былтыр, мартта армандуу ыр жазгам:

Таштап кеттиӊ, бир заматта жок болуп,

Куса болуп баратам өмүр соолуп.

Жашайм деген сөзүӊө турбай кеттиӊ,

Жүрөк ыйлап, сыздап турат ооруп.

Сага деген сагынычым ашып-ташып,

Күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.