ВИДЕО — ОКУУЧУЛАР: «Укен эже физиканы сиздей билген мугалим жок…». Ээсиз калган лаборатория…

ВИДЕО — ОКУУЧУЛАР: «Укен эже физиканы сиздей билген мугалим жок…». Ээсиз калган лаборатория…

Эсен болуп, эстей жүр!

Коомчулукта «каралуу» аталып калган 2020-жылдын июль айы «жалмаган»  миӊдеген өмүрлөр арасында канча деген иш билги, мыкты кесипкөй  мугалимдер, дарыгерлер, тартип сакчыларынан айрылганбыз. Ошол кайгылуу тизмеде Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын физика боюнча мыкты мугалими, Билим берүүнүн отличниги Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна да бар эле. Ал «жакшы болуп кетер» деп үмүт кылган жакындарын ыйлатып ошол «каралуу» июль айынын 17синде өмүр менен кош айтышып кете берген болчу…

Турмушунда эки уул, бир кыз тапкан, бирок, тилекке каршы, кокустан болгон жол кырсыгынан улуу уулунан ажырап калып, анын элесин өмүр бою жүрөгүндө сактап, кийин жети неберенин, эки чөбөрөнүн чоӊ апасы-тайнеси болуп кубанычы ашып-ташый турган маалда эӊ кенжетайларынын көргөнгө жетишпей калган Уулкелсин Жолдошевнанын балдарына апасыз өткөн бир жыл оңой болгон жок. Уул-келини, неберелери кайгыларын жүрөккө катса, кызы Жылдыз азыркыга чейин көз жашын тыя албай келет…

Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевнанын 40 жылга жакын өмүрүн арнаган мектебине барып, ал дайым сабак өтчү физика кабинети ээнсиреп калганын көрдүк. Окуучулар отурган класска мугалимдер отуруп, жүрөктөр тереӊинде жылуу элестерди калтырган кесиптешин «Уулкелсин Жолдошевна супер мугалим болчу, анын жоктугу  бир жылда кадимкидей сезилди» деп бир ыйлап, бир сооронуп отуруп эскерип беришти…

Алсак, №64 мектеп-гимназиясынын директору Чынар Белегенова, окуу бөлүмүнүн башчысы Зейнегүл Абдыманапова, математика мугалими Райкан Шатманова өз эскермелеринде «бир адам — бир аалам» дегидей Уулкелсин Жолдошевна менен чогуу иштешкен мезгил ирмемдерин таберик баяндай сүйлөп беришсе, Уулкелсин Жолдошевна менен лабораторияда бир топ жыл чогуу отуруп, далай тажрыйба-көндүмдөргө күбө болуп көп нерсени үйрөнгөн, мыкты адам катары да, мыкты педагог катары да үлгү туткан физика мугалими Джанайбекова Насида эже үнү каргылданып буларды айтып берди:

Окуучулар арнаган гүл белек, ыр белек…

Мугалимдердин, уулу Алмаздын айтымында, Уулкелсин Жолдошевнанын окуучулары майрам сайын эжейинин кучагын гүлгө толтуруп, открыткага ыр жазып тартуулашчу экен. Анын бири төмөндө:

Укен эже чыгыптырсыз Таластан,

Билимиӊиз чексиз экен карасак.

Эч тайманбай ар бир сөздү так айткан,

Урпагыӊыз баатыр Манас атамдан.

Айта берсек мактай турган сөздөр көп,

Физиканы сиздей билген эже жок

Өмүрүӊүз узун болсун дайрадай,

Картайбаӊыз жаш жүрүӊүз арчадай!

11- «А» классынын окуучулары

08.10.2013-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.