ВИДЕО — Укен эжесин эстеп ыйлап маркумдун уулунун көзүнө жаш айланткан Зейнегүл Абдыманапова

ВИДЕО — Укен эжесин эстеп ыйлап маркумдун уулунун көзүнө жаш айланткан Зейнегүл Абдыманапова

Эсен болуп, эстей жүр!

Коомчулукта «каралуу» аталып калган 2020-жылдын июль айы «жалмаган»  миӊдеген өмүрлөр арасында канча деген иш билги, мыкты кесипкөй  мугалимдер, дарыгерлер, тартип сакчыларынан айрылганбыз. Ошол кайгылуу тизмеде Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясында физикадан сабак берип 40 жылга жакын эмгектенген мыкты мугалим, Билим берүүнүн отличниги Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна да бар эле. Ал «жакшы болуп кетер» деп үмүт кылган жакындарын ыйлатып ошол «каралуу» июль айынын 17синде өмүр менен кош айтышып кете берген болчу…

Уулкелсин Калдымолдоева жана жолдошу Мамбетжан, кызы Жылдыз.

Мыкты мугалим Уулкелсин Калдымолдоева — биздин жеӊебиз, биздин атабыз Жакшылыктын иниси Мамбетжан байкебиздин жубайы эле… Арман, жазмыш экен, бүгүн бул жарыкта үчөө теӊ жок… Атам менен байкемди бир кыйла жыл кыйнаган оору алып кетип, жеӊемди болсо, коронавирустун өткөн жылкы катуу каптаган кара толкунунда жоготуп алдык…

Турмушунда эки уул, бир кыз тапкан, бирок, тилекке каршы, кокустан болгон жол кырсыгынан улуу уулунан ажырап калып, анын элесин өмүр бою жүрөгүндө сактап, кийин жети неберенин, эки чөбөрөнүн чоӊ апасы-тайнеси болуп кубанычы ашып-ташый турган маалда эӊ кенжетайларынын көргөнгө жетишпей калган Уулкелсин Жолдошевнанын балдарына да апасыз өткөн бир жыл оңой болгон жок. Уул-келини, неберелери кайгыларын жүрөккө катса, кызы Жылдыз азыркыга чейин көз жашын тыя албай келет…

Уулкелсин Калдымолдоева уулу Алмаз менен
Уулкелсин Калдымолдоева уулу Алмаз менен.

Жеӊебиздин 40 жылга жакын өмүрүн арнаган мектебине уулу менен барып, ал дайым сабак өтчү физика кабинети ээнсиреп калганын көрдүк. Окуучулар отурган класска мугалимдер отуруп, жүрөктөр тереӊинде жылуу элестерди калтырган кесиптешин «Укен Жолдошевна супер мугалим болчу, анын жоктугу  бир жылда кадимкидей сезилди» деп бир ыйлап, бир сооронуп отуруп эскерип беришти…

Эскерүүнүн башын №64 мектеп-гимназиясынын директору Белегенова Чынар Джакыпековна баштап берген эле. Андан кийин жеӊебиз менен көп жылдар чогуу иштеп эже-сиӊдидей болуп калган окуу бөлүмүнүн башчысы Абдыманапова Зейнегүл эжебиз сөз аягына чыга албай ыйлап жиберип араӊ эскерип отурду… Камерага бир аз гана баян куруп, калганын  диктофонго сүйлөп берди…

—  Былтыр дүйнөнү каптаган коронавирус айынан Укен эжедей асыл адамдан айрылып калганыбызды 17-июлда «Укен Жолдошевна өтүп кетиптир» деген жаман кабарды угуп аябай жаман болдум. Өтө өкүнүчтүү окуя болду. Укен Жолдошевна биздин мектептин эле эмес, шаардык, керек болсо республика боюнча физика мугалимдердин алдыӊкысы эле. Эже менен 1986-жылдан бери чогуу иштеп эже-сиӊдидей болуп калганбыз. Эжебиз өз кесибин сүйүп өмүрүнүн акырына чейин талыкпай эмгектенди. «Мен үйдө отура албайм, өзүмдү мектепсиз, окуучуларсыз  элестете албайм. Отуруп калсам ооруп калам» деп окуучуларын, мектепти таштаган жок… 

Уулкелсин Калдымолдоева жана тээ бир кезде мектеп уясынан учкан окуучулары.
Эже-сиӊдидей кесиптештер Уулкелсин Калдымолдоева жана Зейнегүл Абдыманапова окуучулары менен.

Анан эле ушул физика кабинети Укен эжесиз жетимсиреп калып кетти. Бир жыл кадимкидей эженин жоктугу билинди, окуучулары, ата-энелер, мугалимдер абдан жоктодук… 20  жылдыкка келген окуучуларыбыз да сурап, «сабактарды мыкты берчү эле, мыкты мугалим болчу» деп кайгырышты… Ал чындык, ошондой болчу, сабакты окуучуларга жан дили менен берилип  өтчү. Так эле, таза эле, акылман, күчтүү, эмгекчил, кандай ата-эне болсун тил табышып иштей алган мыкты мугалим эле. Эжеден биз көп нерсе үйрөндүк… дагы да үйрөнчү нерселерибиз көп эле. Аябай оор жоготуу болду. Үй-бүлөсү кандай кайгырса, биз дагы ошондой кайгырдык, жоктодук. Ушул мектепте ары-бери баскан сайын, ишенсеӊер, мүнөт сайын эстейбиз. Анткени эже мектепте да урмат-сыйга, кадыр-баркка ээ чоӊ тамгалуу адам болчу. Уулу Алмаз менен дайыма байланыштабыз. Алмаздын балдары, эженин неберелери Нурсултан, Нурайым, Жазайым биздин мектепте окуду. Алар чоӊ апасын уят кылган жок, жакшы, жалаӊ бешке окушту. Бу да болсо Укен Жолдошевнанын эмгеги деп ойлойм. Тун небереси Нурайымды турмушка узаткан тойдо чогуу болдук эле, ошондогу сүйүнүчү жүзүнөн ушундай байкалып турганы эсимде. Аттиӊ, неберелери Нурайым, Нурсултандын балдарын — чөбөрөлөрүн көрбөй кетти. Эми, ажалга айла жок экен, эже көрбөй жеткен жакшылыктарды балдары, чөбөрөлөрү көрсүн. Эженин жаткан жери жайлуу болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.