ТАЛАС: «Рулдамын» рейди. Колонка капкагы. Марлис Асановдун тапшырмасы…

ТАЛАС: «Рулдамын» рейди. Колонка капкагы. Марлис Асановдун тапшырмасы…
Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы бүгүн, 24-июлда билдирди.
Алардын айтымында, Марлис Асанов жол кырсыктарын болтурбоо максатта ыкчам кеңешме өткөрүп, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ал кырсыктар көп катталган жерлерди белгилеп, ошол жерлерге профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин айтты. Андан тышкары, кызматкерлерге кырсыктарга эмне себеп болгонун аныктап, ошол багытта кырсыктарга бөгөт коюу чараларын көрүү керектигин белгиледи.
Учурда ошол жол кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча «Рулдамын» аттуу рейдин өткөрүүгө тапшырма берилип, рейддик иш-чаралар башталды.
Рейддин максаты унаа айдоочулары тарабынан жол эрежелерин сактабаган, унааны мас абалда башкарган, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаган айдоочуларга чара көрүү. Рейддин башталышы менен, унааларды текшерүү учурунда Талас районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнөн уурдалган таза суу колонкасынын капкагы табылып алынган. Бу факт катталып,  иликтөө иштери жүрүп жатат.
Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.