ИИМ: «Жарандар бюрократиясыз, ички иштер органы көрсөткөн мамлекеттик кызматтардан пайдалана алат»

ИИМ: «Жарандар бюрократиясыз, ички иштер органы көрсөткөн мамлекеттик кызматтардан пайдалана алат»
«Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлору ийгиликтүү иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Санариптик трансформацияны ишке ашыруунун алкагында, ИИМде «Бирдиктүү терезе» ачылган. Бул формат мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштырууга, жарандарга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүүгө, кызмат көрсөтүү убактысын, процедуралардын санын кыскартууга, кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эми жарандар ашыкча бюрократиясыз, ички иштер органдары көрсөткөн мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышат.
Кызмат көрсөтүү борбору эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө арыздарды жана башка документтерди кабыл алса, экинчисинде ИИМдин имаратында иштелип чыгып, даярдалат.
Зарыл болуп ала турган документтердин үлгүлөрү дубалда илинген. Төлөмдөр Quickpay терминалы
аркылуу ишке ашат. Ар бир кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы зарыл болгон документти алуунун убактысына жараша болот.
Учурда ар бир аймакта жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү борборлор жана пункттар ачылган. 2019-жылы 6 борбор жана 14 пункт ачылса, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында 10 пункт, 2021-жылдын 5 айында «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн 6 пункт ачылды.
2021-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин — 2026 апостилденген тактама берилген; 136 миң 680 соттолуусу бар же жоктугу жөнүндө тактамалар берилген; курал-жарак сактоого уруксат алуу үчүн кабыл алынган жана берилген документтер жана ИИМ тарабынан берилген лицензияларды алуу үчүн документтер бардыгы болуп – 2059 (юридикалык жактар үчүн — 433, жеке жарандар — 1626); кооптуу жана жарылуучу жүктөрдү атайын автоунаалар менен коштоп жүрүүгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алган жана берген — 252 (автоунааны коштоо — 55, уруксат документтер — 197).
Бүгүнкү күндө облустардын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Нарын облусунун Жумгал РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБде, Түп РИИБде, Ош облусунун Араван РИИБде, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБде, Талас облусунун Талас РИИБде ачылып, алар өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Тактамаларды берүү күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, дем алыш күндөрү — ишемби, жекшемби күндөрү экенин эсиниздерге салабыз.
Тактама берүүгө жооптуу кызматкерлер кезекте турган бардык жарандарга тактама бермейинче жумуш ордунан кетишпейт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп 2019-жылы жарыяланган.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.