Октябрь Урмамбетов жол эрежесин бузган айдоочулардын ар бири менен маектешти

Октябрь Урмамбетов жол эрежесин бузган айдоочулардын ар бири менен маектешти

Чүй, Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрү текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн ИИМ министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков жыйын өткөрүп, жол-транспорттук кырсыктарынын алдын алуу иш-чараны кыска убакыттын ичинде ишке ашыруу керектигин тапшырган.

ИИМ министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды. Текшерүү учурунда ал жол кыймылынын эрежелерин сактоо, туристтик мезгил учурунда жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын айтты. Андан сырткары, кезметтердин жеринде кызмат өтөөлөрүнө көңүл бурду. Анда кызматкерлердин кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн, төш белгилеринин бардыгы, сырткы келбети, облус жана район аймагындагы ыкчам кырдаалды билүүлөрү текшерүүгө алды.

Ошондой эле ал текшерүү толук кандуу болуусу үчүн ЖКККББнын, ЖКККБнын кызматкерлеринин жеринде иш алып барууларын жана алардын жарандарга карата кайрылуусуна жасаган мамилелерин сындан өткөрүп, жол эрежелерин бузган айдоочулардын ар бири менен маектешти. Маектешүүдө айдоочулук күбөлүгү жана айдоочулук тажрыйбасы бар айдоочулар дагы жол эрежелерин билбей тургандыгы аныкталды.

Аягында Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бөлүктөрүнүн жетекчилерине жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу, жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күн сайын эскертип турууну жана мас абалындагы айдоочуларга катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.