Дүйнө жүзүнө таанымал боксчу болууну самаган, келечектен көптү үмүттөндүргөн Жуматаев Бекнияз

Дүйнө жүзүнө таанымал боксчу болууну самаган, келечектен көптү үмүттөндүргөн Жуматаев Бекнияз

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери ИИМ менен кызматташып, милициянын эр-азаматтары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. Бу жолу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы келечекте Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада көтөрүүнү самаган кенже сержант Жуматаев Бекнияз тууралуу жиберишти. 

Бекнияз Жуматаев сын айтуу оңой болгону менен ошол жумушту аткаруунун түйшүгүн көпчүлүк түшүнсө, түшүнбөгөндөр да жок эмес. Кайсыл кесиптин ээси болбо, ал дайыма эл менен тыгыз байланышта болуп, журтчулуктун сын-пикирлерине кабылган учурлар кездешет эмеспи. Ал эми ички иштер органдарынын кызматкерлери ар качан алдына коюлган кызматтык милдеттерди аткарып, өлкөбүздүн коомдук, маданий жана споттук жашоосунда дагы активдүү катышып, ийгиликтерди жараткан спортчу уул-кыздарыбыз арбын.

Алардын бири — ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыкчам өкүлү, милициянын кенже сержанты Жуматаев Бекнияз Турарбекович. Ал кичине кезинен эле спортко кызыгып, спортчу болууну самап, өз алдынча бокс менен машыгып жүргөнүн байкаган байкеси 15 жашында профессионалду спортко алып барганын, ошол жактан машыктыруучунун колуна тапшырган күндү каарманыбыз сыймыктануу менен эскерип айтып берди.

Бекнияздын айтымында, ал ошол күндөн тарта баш-оту менен бокска берилип, машыга баштайт. Атасы аскер кызматкери болгондуктан үй-бүлөдө темирдей бекем тартип орноп, Бекнияз спорттун профессианалдуу бокс түрүн эч кандай кыйналуусуз өздөштүрүп, бир нече мелдештерге катышып, өзүнүн жетишкендиктери менен машыктыруучусун ишеничин арттырып, ар кандай мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап, келечекте дүйнөгө жүзүнө таанымал боксчу катары эл аралык ареналарда мелдешке чыгууну самап тынымсыз машыгып жүргөн кезде аскер кызматына чакыруу келет.

Ал аскердик милдетин Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясында өтөп, аскердик бекем тартипти тез өздөштүрүп зиректигинен командирлери тарабынан бир канча мактоолорго татып кызматып өтөп, көз ачып жумгуча аскердик кызматы аяктап, андан аркы кызматын контрактын негизинде улантуу сунушунан баш тартып, кайрадан машыгуусун улантат. Ошентип убакыт зымыр куштай учуп Бекнияз бир канча мелдештерге катышып ийгиликтерди жаратат.

Күндөр өтүп Бекнияз бир күнү көчөдөн көп убакыттан бери көрө элек таанышына жолугуп, ай-жайды сурашып таанышы ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкуна кызматкерлер кызматка кабыл алынып, ал жактын сынагынан өтпөй калгандыгын айтып Бекниязды сынакка барып өзүн сынап көрүүсүн сунуштайт. Ошентип каарманыбыз таанышынын сунушуна макул болуп физикалык жактан күчтүүлүктү жана шамдагайлыкты, психологиялык жактан туруктуурукту талап кылган ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына кызматка орношуу үчүн атайын сынакка катышып эч кандай тоскоолсуз сынактан өтүп кетет. Укук коргоо органдарынын катарына кошулуп кызмат өтөй баштайт. Аз убакыттын ичинде үлгүлүү кызматкерлердин катарын толуктап, спорт чөйрөсүндө дагы бир канча ийгиликтерди жаратууда.

Ар бир адам баласы бала кезинде кыялдана ар кандай кесиптин ээси болоорун самайт эмеспи, бирок убакыт өтүп ой-тилектерибиз өзгөрүп кесип тандообуз дагы өзгөрөт турбайбы, кандай кесип болбосун тандаган кесибиңди сүйгөн болсоң, кесибиңде кездешүүчү тааталдыктарды кыйналуусуз жеңип, алдыга коюлган тапшырмалырды сыймыктануу менен аткарат эмессиңби.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.