ИИМ табып, көзү ачык, төлгөөчүлөр тууралуу маалымат таратып, алардын максатын айтты

ИИМ табып, көзү ачык, төлгөөчүлөр тууралуу маалымат таратып, алардын максатын айтты

Табыптар, көзү ачыктар жана төлгөөчүлөр тууралуу ИИМ маалымат таратты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 27-июлда билдирди.

Алардын айтымында, табыптар, көзү ачыктар жана төлгөөчүлөр адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психологдор. Адамдардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден соолугуңузга кам көрүүдө же көйгөйлөрүңүздү чечүүдө эмес, акчада. Аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз! Анткени алар каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп адамдарды алдап, өздөрүнүн тузагына илет. Ошондон улам, ИИМ сизге же сиздин досторуңуздун ден соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт. Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз.
Көнүл буруңуз!
Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.