ВИДЕО — МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ: «Президенттин кара көз айнек тагынып жүргөнүнүн себеби…»

ВИДЕО — МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ: «Президенттин кара көз айнек тагынып жүргөнүнүн себеби…»

Президент Садыр Жапаров 23-июлда коронавируска каршы вакцина алды. Ал жерге кара көз айнек тагынып барганы социалдык тармактарда ар кандай айыӊ-сөздү жаратып, «сурма жасатыптыр…» дегендер да болгондуктан, президенттин маалымат кызматы кечээ, 26-июлда, расмий жооп бергенге мажбур болду.

Айтымында, Садыр Нургожоевичтин көзүнө операция жасалганы чын: президентке көздүн алдындагы энтропион диагнозу коюлуп, операция жасатууга туура келген. Ошол себептен ажобуз азырынча имарат ичинде да, тышта да күндөн коргоочу көз айнек тагынууга аргасыз.

Маалымат үчүн: Энтропион (entropium; грек тилинде entrepo — ичкери карай буроо, en+ tropos бурулуу, кайрылуу), так которгондо, кабактардын кайрылып калышы. Бул ооруда кабак кырлары жана кирпиктер көздүн ичине карай буралып калган абалга келип калат. Бул көздү ачыштырып-кычыштырып, ооруксунтуп, челпек эрозиясына жана карек, карек тамырларынын жабыркашына, тынбай көз жаштын агышына алып келиши мүмкүн. Абал андан да оорлоп кетпеш үчүн бул оорудан айыгуу зарыл, анын бир жолу — хирургиялык, тагырагы, операция жасатуу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.