Аквапаркта суу түтүгү соруп кеткен баланын жансыз денесин алып чыгышты

Аквапаркта суу түтүгү соруп кеткен баланын жансыз денесин алып чыгышты

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы аквапаркта суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, кырсык кечээ, 27-июлда, Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын аймагында болгон. Диаметри 50 см келген суу соруучу түтүкчө пансионаттын аквапаркына суу толтуруп жаткан маалда 2003-жылы туулган 18 жаштагы С.С. аттуу бала кошо сорулуп кеткен. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу, бир экскаватор, 30 ИИМ кызматкери жана жергиликтүү тургундардан он адам барып, 5 сааттай убараланып жатып, сөөктү түтүкчөнү кесип алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Күбөлөр айтымында, маркум кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен барган. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, райондук милицияда сотко чейинки териштирүү иши башталды. Ысык-Көл районунун акими

 

Аквапарк түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы Стас…                                            Сүрөт Семетей Аманбековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
«Алтын кум» пансионатындагы кырсык болгон аквапарк.                   Фото «АКИпресс»

Калыбек Жумадылов айрым маалымат каражаттарына бул иш боюнча атайын комиссия түзүлөрүн, аквапарктар жана аттракциондор коопсуздугу текшерилерин, андыктан алар убактылуу жабыларын билдирген.

Айтмакчы, окуядан кийин өз алдынча иликтөө жүргүзгөн журналист Семетей Аманбековдун тактоолору боюнча, 18 жаштагы Стас каза болгон аквапарк, «Чертово колесо», «Американские горки» ж.б. аттракциондор пансионатка таандык эмес болгон. Алардын ээси Текебаев Айдар Большевикович деген ишкер. Аквапаркты «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынан Бишкек шаардык кеӊешине талапкерлигин койгон уулу Азиз Текебаев иштетип жаткан.
Азиз Айдарович боюнча журналист Семетей Аманбеков ачык булактардан тапкан башка маалыматтар да кыйла кызык. Маселен, 2009-жылы «МСН» гезити жазган унаа-жол кырсыгына себепкер көчө жарыштарында кырсыкка кабылган унаа Айдар Текебаевге таандык болгон. Соттук териштирүүлөрдө Айдар Текебаевдин андан башка да төрт машинеси, Бостери айылында батири жана… 10дой жер тилкеси бар экени аныкталган. 2012-жылы болсо Бакиевдердин туугандарына таандык, Убактылуу өкмөт улутташтырган Bavaria-38 Cruise яхтасын 2 млн 325 миӊ сомго сатып алган. Айдар Текебаев турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу ишмердигин жүргүзгөн «Дельфин де Люкс» ЖЧКнын директору, Бостеридеги «Дельфин Делюкс» пансионатынын ээси. 2020-жылы күзүндө «Ататүрк» паркына чыр-чатак жараткан үйлөрдүн курулушу боюнча анын да аты-жөнү аталып чыкканы бар: «Кактус Медиа» «бир тууган Дунканаевдер өз балдары менен биргеликте «Дельфин Лэнд» деген компанияны негиздешкен, негиздөөчүлөрдүн бири Текебаев Айдар Большевикович делет» деп жазып чыккан экен. Бир тууган Дунканаевдер парк аймагына көп батирлүү үйлөрдү салууга катышы бар деген шектенүүлөр жаралганы айтылып, жазылган болчу…

Айтмакчы, социалдык түйүндөрдө көп адамдар жайкы эс алууга пансионаттардын жана башка эс алуу жайларынын даярдыгын, өзгөчө коопсуздугун  текшерген мамлекеттик орган өкүлдөрүн биринчи жоопкерчиликке тартуу керек деп жатышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.