Балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет Токиого учуп кетишти

Балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет Токиого учуп кетишти
Бүгүн, 28-июлда, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токиого Олимпиада оюндарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жайкы Олимпиада мелдештери өтүп жаткан 41 спорттук объектинин бири Тиб шаарында жайгашкан «Макухари Мессе». Бул жерде фехтование, күрөш, тхэквондо таймаштарын өткөрүү каралган.
Мурдатан анык болгондой жакынкы арадагы олимпиада оюндарына балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат. Кыздарды улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.
Белгилей кетсек, 1-августта Айпери Медет кызы, 2-августта Мээрим Жуманазарова, 3-августта Айсулуу Тыныбекова килем бетине таймашка чыгышат.
62 кг салмактагы балбан кыздардын дүйнөлүк рейтингинде Айсулуу Тыныбекова биринчи орунда турат.

Эске сала кетсек, былтыр өтмөкчү болгон, тилекке каршы, коронавирус айынан быйылкыга жылган XXXII Жайкы олимпиада оюндары Япония мамлекетинин Токио шаарында 23-июлда ачылышы болуп башталган. Коронавирус кооптуулугу күч албаса, буйруса, 8-августта жыйынтыкталат. Бул жолку Олимпиада спорттун 41 түрү боюнча өтүп жатат. Кошумча дисциплина катары бир катар спорт түрү быйыл жаӊы кошулду. Жалпысынан жеӊүүчүлөргө 339 олимпиада медалы (мурунку олимпиададан 33кө көп) каралган.  Алар үчүн 206 өлкөдөн 11 миӊден ашуун спортчу катуу кармашка чыгып, жалпы медалдар саны боюнча азырынча алдыда АКШ (38 медаль, 14 алтын), алтын медаль эсеби боюнча алдыда азырынча Кытай (31 медаль, 15 алтын) жана Япония (25 медаль, 15 алтын). Кийинки саптардагы мыктылар — Россия (28, 8 алтын ), Австралия (20, 8 алтын), Улуу Британия (18, 5 алтын), Түштүк Корея (12, 4 алтын), Франция (11, 3 алтын), Германия (13, 3 алтын), Италия (19, 2 алтын), Нидерландия (13, 2 алтын), Канада (10, 2 алтын) ж.б.

Биздин өлкөдөн олимпиадага 16 спортчу жолдомо алган болчу. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен 13-июлда жолугуп, команданын капитаны грек-рим күрөшү балбаны Атабек Азисбековго Кыргызстан желегин тапшырган эле. Бирок Токиого жетип, алдыӊкы мелдеш күндөрү таймашкан спортчуларыбыздын жолу болбой, мелдештен четтеп калышты…

Эмки үмүт эми балбан кыздар, балдарыбызда…

Баса, биздин мамлекет алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.