Жол кырсыгына кабылган Самара Каримова менен Жамалбек Ырсалиевдин билдирүүсү…

Жол кырсыгына кабылган Самара Каримова менен Жамалбек Ырсалиевдин билдирүүсү…

Кечээ, 27-июлда, ырчы Самара Каримова, жолдошу Асан Мансуров, Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирген эле.

Алардын маалыматына караганда, Ош-Бишкек жолунда бара жаткан унаа жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Рулда ырчынын жолдошу Асан Мансуров болгон. Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө, Самара Каримова жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Жамалбек Ырсалиев менен Самара Каримованын ыраазычылыгы…

Самара Каримова «Фейсбуктагы» баракчасына: «Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей, бир аз кырсыктап калдык. Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле…. Таӊ сурулуп баарыбыз уктап кетиппиз. Врачтар телефон колдонууга эми уруксат берди. 200дөн ашуун чалуулар, смс толуптур, баарыӊарга чоӊ рахмат, ыраазымын. Биз жакшыбыз«, — деп жазса, Жамалбек Ырсалиев: «Бизге жакшы тилек арнап Кудайдан «тезирээк сакайып кетсин»деп тилеп жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кырсык деген айттырбай келет экен. Бир тууган карындашым жыйырма жыл мурун Базар-Коргонго турмушка чыккан. Тун кызын узатып тойго чакырган. Ишемби күнү учуп барып, жекшемби кайтып келе жаткам. Машинаны Асан дос башкарып келе жаткан. Үч үй-бүлө элек. Баарыбыз аман калдык. Кудай чоң сактады. Денеден алган жаракаттар буюрса айыгат. Жүрөктөн жаракат албайлы достор. Бири-бирибизге жакшылык каалап койгонго ар бирибиздин дараметибиз жетет. Эч качан жаман ойлобостон, жакшылык тилейли. Ниетибиз түз болсун. Баардык иштерибиз ниетибизге жараша болот…», — деп жазды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.