ВИДЕО — Назарбаевдин сүрөтүн сайтынан албай, жүзү таанылбагандай кылып бозортуп койгон…

ВИДЕО — Назарбаевдин сүрөтүн сайтынан албай, жүзү таанылбагандай кылып бозортуп койгон…

Кошуна казак бийлиги «Медиазона- Борбор Азия» басылмасынан өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин мурду-оозун кызылга боеп маскарапозго айланткан сүрөттү алып салууну талап кылды. Бул тууралуу басылманын редакциясы кабарлады.

Эске салсак, Алматынын Жароков жана Мынбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги подстанциянын бетине тартылган мурал экс-президент Нурсултан Назарбаевдин металлург болуп иштеген жаш кезиндеги күлүп турган сүрөтү жана ELBASY FOREVER YOUNG! («Елбасы түбөлүк жаш!») деген сөздөр менен май айында пайда болгон. Бирок көп узабай айрым сөздөрү чиймеленип, башка сөздөр кошулуп, июль айынын башында болсо, Нурсултан Назарбаевдин жүзүн таптакыр өзгөртүп: кызыл менен оозу, мурдун, капкара кылып көздөрүн боёп, «Елбасы түбөлүк жаш!» деген сөздү чийип салып, граффитинин сол жагына тентек чиймечилер «Улуу талаанын уулу» деген сөздү бурмалап «Uly dala ury» («Улуу талаа уурусу») деген сөздү кошуп жазып салышканы эсибизде…

Акыры баштапкы образды бузган ошол сүрөттөн кийин ал дубал бетин толук актап салышкан болчу…

Казакстандын Маалымат министрлигинин «Медиазона» басылмасына жиберген кайрылуусунда Нурсултан Назарбаевдин аброюна эл алдында шек келтирген аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскерткен. Ал боюнча айыпкерлер, айыбына жараша, же айыппул төлөшөт, же жаза иштерине чегерилет, же эркиндиги чектелет, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат…

Анткен менен басылма редакциясы сүрөттү сайттан алышкан эмес. Анын ордуна Назарбаевдин жүзү таанылбагандай кылып бозортуп коюшкан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.