Темир жолчу кызматкерлер сыйланып, жаӊы, жаш жетекчисинен жылуу сөз угушту…

Темир жолчу кызматкерлер сыйланып, жаӊы, жаш жетекчисинен жылуу сөз угушту…

Темир жолчулар 1-августтагы майрамына карата сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, эмгек жамаатын «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев куттуктап, алардын кызматтык милдетин так аткарып, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

Бул кызматка Азамат Сакиев бир ай мурун эле келген. Тагырагы, 28-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов буйрукка кол койгон. Жетекчинин алмашуусуна Инвестицияларды илгерилетүү министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк фондусунун көрсөтмөсү себеп болгону айтылган.

Азамат Сакиев тууралуу учкай айта кетсек, ал 32 жашта, үй-бүлөлүү, бир баласы бар. Жогорку билимдүү. Кесиби менеджмент (Nottingham University UK, International Business; Malaysia). Эмгек жолун 2019-жылы «Кыргыз темир жолу» ишканасында материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын «Мамлекеттик сатып алуулар» бөлүмүндө иштөөдөн баштаган.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков. Ал 2020-2021-жылга чейин башкарып, жемкорлукка шек саналып, «мамлекетке 1,5 миллиард сом зыян келтирди» деп камакка алынган. Анын менен кошо баласы да камалган.

Майрамдын таржымалы…

Темир жолчулар күнү — бул темир жол транспортунун жетишкендиктерин жана мекеменин кызматкеринин кесиптик эмгегин даңазалаган майрам. 1936-жылы, 28-июнунда СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин жарлыгы менен Советтер Союзунун Бүткүл союздук темир жол транспорту күнү деп белгиленген. СССРдин Эл Комиссарлар Кеңеши августтун биринчи жекшембисинде темир жолчулардын күнүн жыл сайын белгилөөнү 1940-жылы түзгөн. Быйылкы майрам 1-августка туш келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.