Аскар Акаев баласы менен Бишкекке келип, өз ыктыяры менен УКМКга барды

Аскар Акаев баласы менен Бишкекке келип, өз ыктыяры менен УКМКга барды

Бир учурда Кыргызстанды башкарган президент Аскар Акаев бүгүн, 2-августта, Бишкекке алып келинди. Бул боюнча УКМК маалымат таратты.

Албетте, Аскар Акаевичтин акыркы учурларда кайда жашап, иштеп жатканын билбеген жан жок. Анткен менен ал кишиге «Кумтөр» кени боюнча иш-чараларга байланыштуу мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан издөө жарыяланган. Эми, кандай жагдайда алынып келингени кайдан, айтор, ал учурда УКМК имаратында экени белгилүү болду…

Айтымында, Кыргызстандын биринчи президенти Бишкек сааты боюнча болжолу  15.06да келип конгон. Жанында аны уулу Илим Акаев коштой келген.

Айрым маалыматтар боюнча, Аскар Акаев Бишкекке келүүгө жана «Кумтөр» боюнча жүрүп жаткан тергөө-иликтөө иштери боюнча көрсөтмө берип жардам берүүгө өзү макул болгон. Феликс Куловдун Аскар Акаевичтин келишин тастыктаган сөзүн берген 24.kg  маалыматы боюнча, Садыр Нургожоевич айкөлдүк кылып Аскар Акаевичтин келишине мүмкүнчүлүк берген. Айтымында, экс-президентти эч ким мажбурлаган эмес жана учак конор менен ал киши өзү эле УКМКны карай жөнөп кеткен.

Кийинчерээк аталган мекеме Аскар Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында Бишкекке жеткирилгенин, бул алар көргөн чаралардын натыйжасында ишке ашканын кечки 4кө жакын тараткан маалыматында төмөнкүчө билдиришти:

КР УКМК А.Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган тергөө учурунда активдүү иштерди жүргүзгөн. Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 2 -августунда экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилген, андан кийин дароо Ведомстволор аралык тергөө тобуна которулган. УКМК тарабынан аткарылган чаралардын жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-августунда мурдагы Президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинди жана ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда А.Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө”.

Эске салсак, Аскар Акаев менен катар мурдагы бир канча аткаминерге 1992-жылы «Кумтөр» кени боюнча башкы келишим түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди реструктуризациялоодо болгон делген коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча тергөө-тескөө жүрүшүндө Аскар Акаев президент кезде «Кумтөрдөгү» коррупцияга катышы бар бардык адамдарга юридикалык баа берилген болчу.

Айтор, буга чейин да Аскар Акаевичти өлкөгө алып келүү, жоопкерчиликке тартуу аракеттери болуп келген. Учурдагы маалыматка ишенсек, ал акыры, жеке макулдук менен болсо да, ишке ашып, Аскар Акаев УКМК имаратында. Эми кандай аракеттер жүргүзүлөт, кандай маалыматтар чыгат, убакыт өтүшү менен такташтырып кошумча маалыматтарды беребиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.