Токио-2020: Чейрек финалга чыккан Мээрим жеңилип калды. Бирок коло үчүн үмүт бар…

Токио-2020: Чейрек финалга чыккан Мээрим жеңилип калды. Бирок коло үчүн үмүт бар…

Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан 22 жаштагы балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 2-августта, эркин күрөш боюнча таймашка чыгып, чейрек финалга чыкты. Ал алгач 28 жаштагы болгариялык Мими Христова менен беттешип, 7:5 эсебинде утуп алды. Кийинки таймашта Мээрим нигериялык Блессинг Оборудуду менен кармашып, тилекке каршы, 2:3 эсебинде утулуп калды. Балбан кызыбызга аз-аз гана убакыт жетпей калды…

Анткен менен, Мээримде коло үчүн күрөшкөнгө дагы да мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн нигериялык Блессинг Оборудуду финалга чыгышы керек. Ошондо Мээрим Оборудуду жеӊген балбандар менен кайталап беттешке чыгып, коло байгени алганга аракет кылат, буйруса…

Эми, айтылуу машыктыруучу Нурбек Изабековдун тарбиялануучусу, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мээрим тууралуу айта кетсек, ал азыр 22 жашта. Таластын Бакай-Ата районундагы Оро айылында туулган. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Алгачкы машыктыруучусу — өз атасы эркин күрөш боюнча машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров. Мээримдин айтканы боюнча, анын чоӊ спортко келишине ушул атасы себепкер. Ушул атасы айылдан баштап берген машыгуулар алып келген чоӊ спортто Мээримдин килем үстүндө тапкан ийгиликтери да бир топ:

  • 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль;
  • 2016-жылы Грузияда өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байге;
  • 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль;
  • 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабаддагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2020-жылы Сербиядагы Дүйнө кубогунда алтын медаль;
  • 2020-жылы Польшадагы Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль;
  • 2021-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль;
  • 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль.

Эске сала кетсек, XXXII Жайкы олимпиада оюндары Япония мамлекетинин Токио шаарында 23-июлда  башталган. 8-августта жыйынтыкталат.

Бул жолку Олимпиада спорттун 41 түрү боюнча өтүп жатат. Кошумча дисциплина катары бир катар спорт түрү быйыл жаӊы кошулду. Жалпысынан жеӊүүчүлөргө 339 олимпиада медалы (мурунку олимпиададан 33кө көп) каралган. Алар үчүн 206 өлкөдөн 11 миӊден ашуун спортчу катуу кармашка чыгып, бир канчасы утулуп, бир канчасы жеӊиштерди камсыздап жатышат…

Биздин өлкөдөн олимпиадага 16 спортчу жолдомо алган болчу. Биздин мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Азырынча биздин капчыкта бир да медаль жок. Ушул август айынын башынан таймашка чыккан балбан кыздар-балдарыбыздан үмүт кылып жатканбыз жана жатабыз, кудай буйруса…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.