ВИДЕО — Аскар АКАЕВ: «Өзүмдү бактылуу сезип турам, 16 жылдан кийин мекениме келдим»

ВИДЕО — Аскар АКАЕВ: «Өзүмдү бактылуу сезип турам, 16 жылдан кийин мекениме келдим»

Экс-президент Аскар Акаев бүгүн, 2-августта, Бишкекке учуп келди. Айтымында ал киши, болжол менен, Бишкек сааты боюнча аэропортко 15.06да келип конгон… Эч кимдин мажбурлоосуз, кармалып, камоосуз эле Аскар Акаевич УКМК имаратына келип сурак берип чыкты. 

Сурактан чыгып эле, экс-президент эсте калган эзелки жайдары маанайда аталган мекеме алдында топтолгон журналисттердин суроолоруна жооп берди. Эмнеге келгенин, кандайча келгенин, кимдерге жолуккканын, кимдерге жолугаарын, кандай иштер күтүп жатканына кыскача токтолуп өттү. Сөз арасында президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын айтып, ага резиденцияга барып жолукканын, ал кишинин өзүнө да ыраазылык билдиргенин айтты.

Айтмакчы, Аскар Акаевич Кыргызстанга биротоло же узакка эмес, убактылуу бир жумага эле келген. Андыктан бул убакыт аралыгында «Кумтөр» боюнча, тергөө кызыкчылыгы үчүн, бүгүнкүдөгүдөй эле көп деле маалымат уга албастыгыбыз түшүнүктүү болду… Эӊ башкысы, тунгуч президент азыркы бийликтегилердин өлкөнү өнүктүрүү аракеттерине кол кабыш кылганга, күчүнүн жетишинче жардам бергенге даяр экен…

Канчалык даяр, кантип, аны да убакыт көрсөтөр, ага чейин, Аскар Акаевичтин 16 жылдан кийинки кыска-нуска жоопторуна каниет кылып туралы…

Анда кеттик…

«Президент Садыр Жапаров менен жолуктум, учураштым, ыраазычылык билдирдим»

— Бүгүн мен өзүмдү 16 жылдан кийин биринчи жолу Ата Журтума, мекениме, элибизге келгениме абдан бактылуу сезип турам. Ошондуктан республика жетекчилигине, Садыр Нургожоевичке ыраазычылыгымды билдирем. Ал киши уруксат берип, ошон үчүн мен бүгүн бул жердемин. Ал киши менен резиденцияда жолугуп, учурашып, ушундай жол ачып бергенине ыраазычылыгымды билдирдим. Коопсуздук комитетинин төрагасына да ыраазымын, бул жерде мени жылуу тосуп алышты, аяр мамиле кылышты.

Эми республиканын алдында чоӊ маселелер турат, экономиканы көтөрөбүз деген зор аракеттер жасалып жатат. Жетекчиликте жаратмандык план бар экен, күчүмдүн жетишинче ушуга жардам берүүгө түрткү болгум келип турат.

Азыркы бийликтин «Кумтөр» боюнча келишимди кылмыштуу келишим деп атап жатышы боюнча…  

— Баарын иш бүткөндөн кийин гана айта алам. Мен бүгүн гана учуп келдим, бир жумага гана келдим, иш (кылмыш иши менен – ред.) менен эми-эми гана тааныштым. Биринчи сурактан чыктым, дагы да жолугушуулар болот. Албетте, чоӊ суроолор бар, ошондуктан, ушул жума ичи иштейбиз. Бул жерде Айбек деген жигит, адвокатым, кийин мен жетише албай калсам, адвокатым сөзсүз силерге айтып берет. «Кумтөр» менин тушумда курулган, «Кумтөрдү» кандай курганбыз, эмнеге курганбыз, балким кандай катачылыктар кетирдик, бир сөз менен чын дилимден баарын айтып берүү үчүн келдим. «Кумтөр» боюнча болгон билгенимдин баарын айтып берип республикага жардам беришибиз керек.

Качкын президенттердин келиши боюнча…

— Менин башка эч бир президентке дооматым жок. Ар кимиси өзү чечет, эл менен, жетекчилик менен. Мен, кудайым берсе, өз маселелеримди чечсем дейм…

Бишкекте калабы же Кеминге кетеби?

— Иш менен жаӊы эле таанышып баштадык. Эртеӊ дагы келем (УКМКга – ред.), адистер менен жолугушуп, «Кумтөр» маселелери боюнча жооп берем.

16 жылда Бишкектин өзгөрүшү боюнча…

— Бишкек абдан өзгөрүптүр, жакшы шаар болуптур. Мындан ары да ушундай гүлдөп кооз шаар болсун. Мага өзгөчө жашыл шаарыбыздын сакталып калганы жагат.

Эске салсак, Аскар Акаев менен катар мурдагы бир канча аткаминерге 1992-жылы «Кумтөр» кени боюнча башкы келишим түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди реструктуризациялоодо болгон делген коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча тергөө-тескөө жүрүшүндө Аскар Акаев президент кезде «Кумтөрдөгү» коррупцияга катышы бар бардык адамдарга юридикалык баа берилген болчу.

Айтор, буга чейин да Аскар Акаевичти өлкөгө алып келүү, жоопкерчиликке тартуу аракеттери болуп келген…

Ошол… айтылчу кептер али алдыда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Аскар АКАЕВ: «Өзүмдү бактылуу сезип турам, 16 жылдан кийин мекениме келдим»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.