ВИДЕО — Мээримдин алгачкы машыктыруучусу атасынын ордуна депутаттар кетиптир…

ВИДЕО — Мээримдин алгачкы машыктыруучусу атасынын ордуна депутаттар кетиптир…

Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадага катышып жаткан, коло үчүн күрөшүн баштаган 22 жаштагы жаш балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 3-августта, эртеӊ менен азербайжандык балбан Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми коло медалды анык алыш үчүн кечки саат 17:00дө өзүнөн 9 жаш улуу монголиялык балбан кыз Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешет, кудай буйруса…

Айылдаш, классташ балбан кыздарыбыз Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын алгачкы машыктыруучусу — Мээримдин атасы Рахмадил Жуманазаров. Жаштыгына карабай Токиодо болушунча «тополоӊ» салып жаткан эки балбан кызыбыздын жанында башкы машыктыруучулар менен катар дем, күч берип, акыл айтып турганга ушул инсандын карааны жетишпей турат. Болбосо,  шерденген кыздарыбыз алтын, күмүш медалды чапчып эле түшмөк дейсиӊ. Бирок, Рахмадил атанын ордуна Олимпиадага эски адаттай эле ашка жүк, башка жүк, спортко кылдай пайдасы жок депутаттар, башка аткаминерлер кетишти. Ал боюнча канча жазылды, канча айтылды… оӊолбойт экенбиз, болбой эле кыпчылып делегациянын курамына кирип алышат да турушат…

Рахмадил аксакалдын «Азаттыкка» берген маегин көрүп, каӊырыгы түтөп айтып бергендерин угуп, ошол делегацияга кыпчылып кошулуп кеткен спортко эч тиешеси жок адамдарга кандайдыр бир чара көрүлүшү керек дейсиӊ… Окуп көргөн окурмандар деле ошондой ойго келет го деген ишеничтебиз… А балким, көпчүлүктүн пикири менен олуттуу өзгөрүү болуп кетеби, ким билет… 

Рахмадил ЖУМАНАЗАРОВ: «Ал жакта спортко тиешеси жок эле депутаттар жүрөт»

«Олимпиадага барасыӊ» деп айтышканда, форма алып даярданып жаткам. Акыркы учурда «кыскартуу болду» деп коюшту. Ушундай боло тургандан кийин, мага «барасыӊ» деп айтпай эле коюшса болмок. Ээленип калгам да…

Спорт тармагында 40 жыл иштедим. Айпери менен Мээримдин алгачкы тренеримин. Экөө классташ, кошуна. Экөөнүн ийгилигинде, кубанычында, ызасында жанында болбой калганыма ичим ачышып турат. Алардын жанында болбой, үйдөн көрүп отурам.

Эми ал жакка барган адамдардын арасында спортко эч тиешеси жок адамдар, депутаттар жүрөт. Алардын аттарын атабай эле коеюн…

Мындай нерсе болуп келген, дагы деле кайталанып жатат. Мындай көрүнүштү өкмөт өзү көзөмөлгө алып, чечпесе болбойт.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-августта, Мээрим Жуманазарова алгач болгариялык Мими Христова менен беттешип, 7:5 эсебинде утуп, бирок чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде утулуп калган эле. Анткен менен ошол нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган болчу…

Мээрим ЖУМАНАЗАРОВА: «Чоӊ спортко келишиме атам себепкер болгон»

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мээрим тууралуу айтсак, ал азыр 22 жашта. Таластын Бакай-Ата районундагы Оро айылында туулган. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Алгачкы машыктыруучусу — өз атасы эркин күрөш боюнча машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров. Мээримдин айтканы боюнча, анын чоӊ спортко келишине ушул атасы себепкер. Атасы айылдан баштап берген машыгуулар алып келген чоӊ спортто Мээримдин килем үстүндө тапкан ийгиликтери да бир топ:

  • 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль;
  • 2016-жылы Грузияда өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байге;
  • 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль;
  • 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабаддагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2020-жылы Сербиядагы Дүйнө кубогунда алтын медаль;
  • 2020-жылы Польшадагы Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль;
  • 2021-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль;
  • 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль.

Эске сала кетсек, XXXII Жайкы олимпиада оюндары Япония мамлекетинин Токио шаарында 23-июлда  башталган8-августта жыйынтыкталат.

Биздин өлкөдөн олимпиадага 16 спортчу жолдомо алган болчу. Биздин мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.