Акаевдин сурагында Сариевдин аты аталдыбы? Камакта калабы же акталабы, 48 саатта чечилет

Акаевдин сурагында Сариевдин аты аталдыбы? Камакта калабы же акталабы, 48 саатта чечилет

«Кумтөр» маселеси боюнча мурдагы премьер-министрлер Игорь Чудинов менен Темир Сариев май айында эле суракка алынганы буга чейин айтылды, жазылды. Бирок, анда аныгы билинбей, Темир Сариев камалды, камалган жок деген сөздөр жүрүп тим болгон. Кечээ, 3-августта, акыры УКМК  Темир Сариевди 48 саатка камакка алганы маалым болду.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Темир Сариевге кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан деген айып тагылган. УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча: «Тергөөнүн жүрүшүндө, Темир Сариев экономика министри болуп турган убакта, тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды« дейт…

Эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Темир Аргенбаевичке карата козголгон иш боюнча анын баш коргоо чарасын аныктоо маселесин ал киши кармалган кечээги күн эсепке кирген 48 саат ичинде карайт…

Белгилей кетсек, Темир Сариев «Кумтөрдөгү» жагдайды текшерүү боюнча сегиз-тогуз жыл мурда түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

ТАРАПТАШТАР: «Темир Сариевдин камакка алынышы абсурд!»

Анткен менен Темир Аргембаевичтин тарапташтары, санаалаштары, жакындары анын актыгын, тактыгын айтып, жеке жүйө-далилдерин келтирип социалдык тармактарга төмөндөгүдөй бир катар комментарийлерди калтырышкан. Анда четинен таанышалы…

Камила Талиева, коомдук ишмер:

Темир Аргенбаевич «Кумтөр» маселесинде мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп гана иштеп, иликтеп берди. Тиешеси барлар Аскар Акаев баш болгон “үлкөндөр” бул ишке жооп бериш керек эле. Темир Аргембаевичти камаганга негиз жок болсо керек, эми күчтүү адвокаттарды тартуу керек!

Искен Афиджанов, адвокат:

Я лично знаю, что Вы истинный патриот своей страны, высокопрофессиональный экономист и государственник, отличный семьянин и любящий отец, и конечно настоящий ДРУГ и признанный ЛИДЕР! Мы с Вами, Темир-байке! Уверен, Правда, Закон и Справедливость обязательно восторжествуют!

Чолпон ЖАКУПОВА: «УКМКнын басма сөз кызматы бурмаланган маалымат таратууда…»

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Темир Сариевдин камалышы тууралуу «Азаттыкка» берген маегинде мындай деген:
Менимче, ниети түз эмес саясий технологдор Аскар Акаевдин Кыргызстандын аймагына келишинин айланасындагы жагдайды Темир Сариевди кармоо үчүн пайдалангысы келет. Муну күзгү шайлоо алдында саясий айдыңды тазалоо үчүн пайдалангысы бар. Менин билишимче, Сариев шайлоого катышам деп эч качан өз амбициялары тууралуу билдирген эмес. Экинчиден, менин адвокаттарым Сариевдин кызыкчылыгын коргогондуктан, биз шаршембиде расмий билдирүү таратканы жатабыз.Улуттук коопсуздук комитети жасаган пресс-релиз жумшак айтканда чындыкка дал келбейт. Себеби, Сариевдин күнөөсү аныкталган эмес. Экинчиден, чыгымдын көлөмү да аныкталган эмес. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кыянаттык кылып, бурмаланган маалымат таратууда.

Эске сала кетсек, май айынан бери саясатта мурунку, азыркы үлкөн адамдарга иш козголуп, камалып, бошотулуп — кызык иштер болуп келатат. Алардын кай бирине «Кумтөр», кай бирине «коррупция», «мыйзамсыз баюу» айыптары тагылган. Маселен, мурдагы спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмаз Батырбеков, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошева кармалып, Узакбаев менен Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына, Молдошева тилкат менен бошотулган. Июлдун аягында Бабанов да чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан чыгарылды. Калгандарынын баары дале камакта.

Баса, «Кумтөр» боюнча экс-президент Аскар Акаев 16 жылдан кийин Кыргызстанга келип, сурак берүүдө… Ошол сурактардын тиешеси барбы же жокпу, же кокустуктан дал келүүбү, айтор, ошол сурактардан кийинки камалгандардын биринчиси Темир Сариев болду…

Балким, кийинки камалчулар да бардыр, кимдер, жакын арада билинип калар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.