ВИДЕО — Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине кайрылуу жасады

ВИДЕО — Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине кайрылуу жасады

Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадада 62 кг салмакка чейинки кыз-келиндер күрөшүндө бир канча атаандашын эч мүмкүнчүлүк бербей утуп финалга чыккан балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-августта, япониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, бир аз убакыт жетпей 4:3 эсебинде упайды алдырып, күмүш медаль тагынды…

Сыйлык тапшыруу учуру… Айсулуу ыйлап, бизди да ыйлатты…

Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА: «Айта турчу сөз көп…»

Кыргызстандын дүйнөлүк күрөш аренасында жанган жылдызы, сыймыгы, алтын кызыбыз Айсулуу Тыныбекова март айында: «Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда. Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм…» деп жазып, убактылуу жапкан Фейсбуктагы баракчасына бүгүн жан киргизип, биз үчүн Олимпиадалык алтынга тете күмүш медалды алгандан кийин жалпы кыргыз элине мындай деген кайрылуусун жазды:

Ыйлаба, Айсулуу! Кабат-кабат сыймыкты да, сыйлыкты да алып келген сендей МЭЭНЕТКЕЧ кызыбыз алган күмүш биз үчүн алтынга тете!

Кадырлуу кыргыз элим!

Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!

Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат…

Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз. Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!

Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!

Акжол, Мээрим, Жоламан… Аллага чексиз шүгүрлөр, керемет сезимдерди тартууладыӊар!

Ооба, бүгүн Айсулуу менен баарыбыз ыйладык, соорондук, чыйралдык. Акыры биз күткөн күн да келди: биздин олимпиадалык капчыгыбыз куру калбай, 2 күмүш, 1 коло медаль салынды дедик. 13 жылдан кийин… Канча бир атаандашын килем бетинде утуп, утулуу ызасын да тартып балбандарыбыз Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова алып келишти… деп бир кубандык, бир ыйладык. А бирок ошол медалдар кандай азаптар, машыгуулар, нерв, чыӊалуулар, жаракат, машакаттар менен келгенин күрөшкөн балбандарыбыз, аларды даярдаган машыктыруучулар жана балбандарыбыздын жакындары гана жакшы билет.

Аллага чексиз шүгүрлөр, Мээрим, Акжол, Айсулуу, Жоламан, Айпери,  алар бизге керемет сезимдерди тартуулашты… кыргыз элин, кыргыз жерин ааламга ар айлампадагы жеӊиштери менен даӊазалап жатышты!

Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы. Ай-ай, булар да алышмак алтынды же күмүштү…

Бир да жолу желеги көтөрүлбөй канча өлкө кетти олимпиадан. А биздин желек үч жолу көтөрүлдү…

Ооба, балбандарыбыз Токиого жетип, мелдешке чыгат деген күндөн Кыргызстанда тиричилик алардын күрөшүнө байланып калгандай болду. Ар бир айлампасындагы кармашына жетишели деп, сааттарды тууралап, шаша-буша иштерди бүтүрүп, сыналгы алдына шашылып, отура калып, тура калып, калысына да, атаандашына да бир кыйла «жакшы» сөздөрдү айтып, айтор, килем үстүндө алар менен кошо күрөшүп жаткандай эле болдук…Атаандаштары кимдер деп, Оборудуду, Соронзонболдын, Маафи, Чалян, Чобану, Лёринц деп не деген балбандардын ысымдарын жаттабадык… Алардын ар бир айлампага өтүшү, жеӊилген учурлары ар бирибиздин кубанычыбызга, ызабызга айланды.

Акыры ошол сезимдер өз «кульминациясына» жетип, аттары затына жарашкан Мээрим кызыбыз коло, Акжол азаматыбыз, анан Айсулуу кызыбыз күмүш медаль менен кубантты…

А бирок, билесиӊерби, Жайкы Олимпиада былтыр болгондо Акжол да, Мээрим да ага катыша албай калмак… Экөө теӊ жаракат алып, Мээримде олимпиадага лицензия алуу мүмкүнчүлүгү  чечиле элек кез болчу анда… Бул тууралуу кенен өзүнчө сөз кылабыз.

 Садыр ЖАПАРОВ: «Айсулуу Тыныбекова татыктуу күрөш көрсөттү»

Албетте, өз өлкөсүнүн спортчусунун жеӊишине эч бир өлкө башчысы кубанбай коё албайт. Мамлекеттик желегибизди бир эмес үч жолу көкөлөтүп Жайкы Олимпиадада эрдик жасап, өлкө намысын коргоп Кыргыз спортунда жаӊы барактарды ачкан үч балбаныбызды Президент Садыр Жапаров кечээ да, бүгүн да куттуктап, ар бирине кубаттаган жылуу сөздөрүн телефон аркылуу жолдоду.

Бүгүн Садыр Нургожоевич Айсулуу Тыныбекова өзүнүн даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын белгилеп:

«Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз”, — деди.

Айтмакчы, кечээ Мээримдин, Акжолдун кармашын иш ордунан көрүп күйөрмандык кылган мамлекет башчы Айсулуунун финалдык таймашын үй-бүлөсү менен чогуу көргөн, аянтта, иште, үй-үйлөрүндө сүрөөнгө алган жүз миңдеген мекендештердин катарында Айсулуунун алтын алып жеӊишке жетишин тилешкен.

Ал тилектер кийинки Олимпиадага чейин жүрөктөрдө сакталып калды…

Жоламан күмүш тагынганда кийгиздирбей коюшкан КАЛПАГЫБЫЗДЫ алтын тагынып ааламга таанытат, буйруса…

Президент олимпиадалык командада кеткен спортчуларыбызга жана алардын машыктыруучуларына чың ден соолук, жетишкендиктерди жана Мекенибизге аман-эсен кайтып келип алышын каалады. Ооба, олимпиадалык команданын, өзгөчө Өлкө желегин үч жолу Токиодо желбиреткен балбандарыбызды жалпы эл, биз дагы, чыдамсыздык менен күтүп жатабыз…

Айтмакчы, баш-аягы 19 күнгө созулуп, аягына чыгып бараткан XXXII Жайкы Олимпиаданын соӊку таймаштарына катышчу үч спортчубуз калды. Алар: 65 кг салмакка чейинки эркин күрөш балбаныбыз Эрназар Акматалиев, 125 кг салмакта эркин күрөш балбаныбыз Айаал Лазарев жана кыз-келиндер арасында марафондук узундукка чуркай турган күлүгүбүз Дарья Маслова.  

«Жакшы тилек — жарым ырыс» дейт, алардан да, кудай буйруса, жеӊиштерди күтөбүз…

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.