30-сентябрга чейин камакта калган Сариев кыйноолор болбогонун айтып, абактагы шартка даттанган жок

30-сентябрга чейин камакта калган Сариев кыйноолор болбогонун айтып, абактагы шартка даттанган жок

«Кумтөр» ишине айыпталган мурдагы премьер-министр, мурдагы каржы министри Темир Сариевдин баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-августта түндө каралып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылды.

Мындай чечим менен анын жактоочусу Тимур Султанов макул эмес, мыйзамсыз жана негизсиз деди. Сариевдин түндө сот алдына чогулган тарапташтары да ушундай пикирде, бошотууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, УКМК Сариевди «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айыптын негизинде 3-августта камакка алган. Анын эртеси, 4-августта, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун УКМК абагына барган өкүлдөрү Сариевге жолукканда, ал кыйноолор болбогонун айтып, абак шарттарына даттанган эмес.

Темир Сариев экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр да болгон.

Эске сала кетсек, май айынан бери саясатта мурунку, азыркы үлкөн адамдарга иш козголуп, камалып, бошотулуп — кызык иштер болуп келатат. Алардын кай бирине «Кумтөр», кай бирине «коррупция», «мыйзамсыз баюу» айыптары тагылган. Маселен, мурдагы спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмаз Батырбеков, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошева кармалып, Узакбаев менен Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына, Молдошева тилкат менен бошотулган. Июлдун аягында Бабанов да чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан чыгарылды. Калгандарынын баары дале камакта.

Баса, «Кумтөр» боюнча экс-президент Аскар Акаев 16 жылдан кийин Кыргызстанга келип, сурак берүүдө… Ошол сурактардын тиешеси барбы же жокпу, же кокустуктан дал келүүбү, айтор, ошол сурактардан кийинки камалгандардын биринчиси Темир Сариев болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.