ВИДЕО — Галина БАЙТЕРЕК: «Мен Токиого башка бирөөнүн ордуна барган жокмун»

ВИДЕО — Галина БАЙТЕРЕК: «Мен Токиого башка бирөөнүн ордуна барган жокмун»

Президенттик Администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек ушул тапта Токиодогу Олимпиадада көрүүчү болуп жүрөт. Анын барышы канчалык зарыл эле деген суроо биздин делегация Токиого кеткенге чейин жаралган болчу. Акыркы күндөрү кайрадан катуу талкууга түштү…

Ага себеп, бир жеӊип, жеӊилип, кайра жеӊип отуруп Олимпиаданын коло медалын тагынган Мээрим кызыбыздын атасы Рахмадил (Дүйшөн) Жуманазаровдун: «Айпери менен Мээримдин ийгилигинде, кубанычында, ызасында жанында болбой калганыма ичим ачышып турат. Алардын жанында болбой, үйдөн көрүп отурам. «Олимпиадага барасыӊ» деп айтышканда, форма алып даярданып жаткам. Акыркы учурда «кыскартуу болду» деп коюшту» деген маеги жана ага реакция кылган окурмандардын сын-пикирлери болду окшойт.

А негизи, чиновниктердин делегацияга кыпчылып кошулуп кетип жатканы июль айынын этегинде эле ачыкка чыккан жаӊылык болчу. «Токиодогу олимпиадага чиновниктер барат экен. Дарыгер менен массажисттердин ордунабы?» (Kaktus.media) деп маалымат чыкканда, президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмү Токиодогу Олимпиада оюндарына бир нече чиновник барарын тастыктап, «Японияда өткөн Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу турундагы тажрыйба ар кандай негативдүү жагдай жаралганда биздин спортчулар кызыкчылыгын коргоого муктаж болорун көрсөттү. Дал ушунун айынан улуттук курама команданын таламын талашуу жана координациялоо үчүн президенттик администрациянын жана тиешелүү структуралардын өкүлдөрүн жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бир ЖМК жазгандай, дарыгер, массажисттердин ордуна баратышкан жок, спортчулар менен бирге аларды колдоо үчүн барат. Депутаттар делегациянын курамында жок» деп актанган билдирүү тараткан эле…

Анан кечээ жакында Президенттик Администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаровдун Олимпиада оюндарына барбай калышынын себебин бир катар маалымат каражаттары аркылуу жеке түшүндүрүп коюуну чечти.

Айтымында, кептин баары пандемияга байланыштуу Олимпиада оюндарынын уюштуруучуларынын машыктыруучуларга квоталарды кыскартып койгондугунда экен. Япония тарабынан президентке, премьер-министрге, президенттин аппаратынын башкармалыгына расмий квота берилген, бирок алар иштери көптүгүнөн бара алышкан эмес. Каражатты үнөмдөө максатында бир квота эки адамга — президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев жана Галина Байтерекке бөлүнүп, орун басар ачылышына, бөлүм башчы жабылышына барары чечилген экен. Азыр Галина Токиодо ошол экинчи милдетти аткаруу максатында жүрүптүр. Ал эми машыктыруучулардын кыскарышы боюнча айтканы мындай:

«Мен башка бирөөнүн ордуна барган жокмун. Квота экиге бөлүнөт: администрацияныкы жана спортчуларга деп. Биздики администрациялык квота. Машыктыруучуларга өзүнчө квота бар. Бул жакка спортчулар менен түз иштешкен, расмий аларды машыктырган, мамлекеттен айлык алган башкы жана улук машыктыруучулар келишти. Мээрим Жуманазарованын расмий машыктыруучусу — Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев – улук машыктыруучу. Мээримдин атасы 9 жылдан бери иштешип келаткан, спортко алып келген жеке машыктыруучусу. Пандемияга байланыштуу квоталар кыскарып, жеке машыктыруучулар кирбей калышты. Балким, Мээримдин атасы таарыныч-капалыктан улам айтып койгондур, бирок бул жерде эч кандай катачылык болгон жок. Мамлекеттик агенттик ага жагдайды түшүндүрүшкөн».   

Маалымат үчүн, Галина Байтерек деген ысым Садыр Жапаров бийликке келгени элдин көӊүл чордонунда. Ал буга чейин бир нече жыл КТРКда эмгектенген. 2020-жылдын 29-октябрында президенттин маалымат катчысы болуп келип, ушул жылдын 18-майынан бери президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүн башкарып келатат. Өлкө бийлигине байланыштуу күмөндүү маалыматтар жарыяланып калганда, жактаган, актаган билдирүү-түшүндүрмөлөр менен чыга калып сынга кабылган жайы бар…

Эми, бул сапар, Олимпиадага жеке машыктыруучулардын барбай калышы пандемияга байланыштуу квоталардын кыскарышы себеп болуптур. Бирок, айтып коюшубуз керек, биздин спорт чөйрөсүндө колдоо, каржылоо, камкордук, көӊүл буруу, мамиле жетиштүү деӊгээлде эмес, начар. Спорт боюнча түшүнүгү жок кызматтагы адамдардын квоталарга ээлик кылып, кыпчылып делегация менен сырт жактарга барып келгени буга чейин да болуп келген жана боло берет. Алар эл-жер көргүсү келет, өз алдынча кетсе ар кыл сөз жүрөт, спорттук делегация менен барган башка иш. Машыктыруучулардын эл аралык мелдеш, турнирлер алдында спортчуларды машыктыргандан тышкары каржы жагынан тарткан машакаттарын да билебиз. Айла жок, спортко тиешеси жок адамдарды «айрым спортчуларды каржылап берем» деген убадасы менен федерацияларга мүчө кылып киргизип, чет жерлерге ала кетип, «федерацияга мүчө, ошон үчүн барды» деп айтып жүргөндөрүн укканбыз. Ачык айтышпаса да, тынбай машыгып жүргөн, мүмкнүчүлүктөрү мыкты, бирок сыртка чыкканга каржы жагынан өксүгөн балдарды чет жактарга алып чыга албай жүргөн машыктыруучулар көп. Эл аралык мелдештерге катышып турушса, көп мелдештерде жеӊгенге мүмкүнчүлүк чоӊ бизде. Бирок биздин спортчуларыбыздын көбү, кайсы бир мелдештерге бара турган болсо, ал атаандашына анын кармашкан видеолорун көрүп, ушул ыкмаларды көп жасайт экен деп дайынданышат. Бирок ал видеолордогу ыкмалар атаандашынын чеберчилиги артып эски ыкмалар болуп калышы мүмкүн…

Анан «акча берем, сөзсүз болот, колдойбуз» деп коюп, турнирге кете турган убакытка чейин чоюп келип, «кечирип кой, болбой калды» деп умсунтуп койгондор да бар экени талашсыз. Мындайдан машыктыруучулардын далай оозу күйгөн, ошондойго кабылбайын деп варианттарды карап, башка каржы булактарын издешет, акча топтошот, капчыктууларга кайрылып кайырчы болушат. Спортту тейлеген кызматтарда спорттон алыс адамдар отуруп алып, «барбай эле койбойсуӊарбы, барып эмне кереги бар, не деген спорт, ошондой да спорт болобу, кимдин тренерисиӊ, результат болобу, бюджетте акча каралган эмес» деп кыжыр келтирген суроолорду берип, виза, документтерди убагында бүтүрбөй кыйнашарын да билебиз.

Мына, биздин балбандар Жайкы Олимпиадага сонун даярдык менен барышкан, ишенем, алар аларды санаа тарттырган көйгөй жок бардык жагынан шайма-шай барышты деп. Бирок, алар менен менталдык, психологиялык жактан иштешкен адистер жоктугу көрүнүп калды. Мекен алдындагы милдет, жоопкерчилик улам бир айлампада өсүп отуруп, психологиялык кыйынчылыкка тушугуп, «эл үмүтүн актай алар бекем» деген ой жеп койгондой туюлду…

Анткен менен, биздин балбандар азаматтар! Үркөрдөй топ менен барып, топурап барган көп өлкөнүн алдында Кыргызстандын даӊазасын бийик көтөрүп коюшту. Эми спортко мамиле өзгөрүш керек, жогоруда айткандай жоё турган көйгөй көп, талап кыла бербей – камкордук, камсыздоо да жакшырышы керек… үмүт кылабыз…

Айтмакчы, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW)  3-августта Кыргыз спортунун тарыхында кыз-келиндер арасында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын медалын утуп алган Мээрим Жуманазарованы «Тарых жаратуучусу» атады. Мындай даражага 2019-жылы күрөш тарыхында Кыргызстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону болуп Айсулуу Тыныбекова кызыбыз татыган. Буйруса, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков сындуу жаш балбандарыбыз, дегеле спорттун башка түрү менен да машыккан башка спортчуларыбыз, мамлекеттик колдоо жарашса, мыкты көрсөткүчтөргө даяр…

Андыктан, алардын жана машыктыруучулардын жылдап кылган мээнеттерин текке кетирбейли…

Мээрим ЖУМАНАЗАРОВА: «Чоӊ спортко келишиме атам себепкер болгон»

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мээрим тууралуу айтсак, ал азыр 22 жашта. Таластын Бакай-Ата районундагы Оро айылында туулган. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Алгачкы машыктыруучусу — өз атасы эркин күрөш боюнча машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров. Мээримдин айтканы боюнча, анын чоӊ спортко келишине ушул атасы себепкер.

Атасы айылдан баштап берген машыгуулар алып келген чоӊ спортто Мээримдин килем үстүндө тапкан ийгиликтери да бир топ:

  • 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль;
  • 2016-жылы Грузияда өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байге;
  • 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль;
  • 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабаддагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2020-жылы Сербиядагы Дүйнө кубогунда алтын медаль;
  • 2020-жылы Польшадагы Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль;
  • 2021-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль;
  • 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль.

Мээримдин Токиодогу жеңиштери…

Мээрим Жуманазарова алгач Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христова менен 2-августта беттешип, 7:5 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда Африканын он жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, ага 2:3 эсебинде (бир упайга) утулуп калган. Кудай жалгап нигериялык спортчу финалга чыгып коло медаль алууга Мээримге мүмкүнчүлүк түзүп берди: ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашып, 4:1 эсебинде утуп алды.

Мээрим коло үчүн Лондон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Азия чемпиону, 30 жаштагы монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен күч сынашып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке ээ болду.

Эске сала кетсек, XXXII Жайкы олимпиада оюндары Япония мамлекетинин Токио шаарында 23-июлда  башталган8-августта жыйынтыкталат.

Биздин өлкөдөн олимпиадага 16 спортчу жолдомо алган болчу. Биздин мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.