Президент акимдерге 60 млн. сомго унаа алуу тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Президент акимдерге 60 млн. сомго унаа алуу тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров акимдерге 60 млн. сомго машина алуу боюнча тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматчысы Эрбол Султанбаев ММКларга билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коомчулуктун пикирин эске алуу менен бирге мамлекеттин экономикалык оор абалын, бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынган.

Эске сала кетсек, 11-августта президенттин иш башкармалыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен 60 миллион сомго акимдер үчүн кызматтык 40 машина сатып алууга тендер жарыялаган. Мындай маалыматка эл нааразы болуп, социалдык тармактарда кызуу талкуулашкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.