“Телефондук терроризмге” шектелген аял кармалып, 22-августка чейин камалды

“Телефондук терроризмге” шектелген аял кармалып, 22-августка чейин камалды

«Айчүрөк» соода борборунда бомба бар» деген жалган маалыматка шектелген аял кармалып, 22-августка чейин №1 тергөө абагына  киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук соту билдирди.

Эске сала кетсек, 9-августта, саат 16:10 чамасында борбордук «Айчүрөк» соода борборунда колунда баштыгы бар капкара хиджаб кийген шектүү аял жүргөнү, имараттын ичинде бомба бар деген маалымат милицияга келип түшкөн. Күч түзүмдөрү шектүү катары 27 жаштагы аялды кармаган. УКМКнын маалымат кызматынын айтымында, “телефондук терроризмге” шектелген Сокулук районунун тургуну, 1994-жылы туулган Г.З.А болуп чыккан.  Ал күйөөсү менен урушуп кетип, жаңы сим-карта аркылуу ЦУМдун ичиндеги бомба тууралуу билдирген. УКМК бул ишке байланышы бар башка жарандарды издөөдө.

УКМК жарандарды ойлонулбаган кадамдарга барбоого чакырып, террористтик актылар жөнүндө жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.