Жыргалбек Касаболот Кыргызстандагы айылдар боюнча укмуш уламыш айтты…

Жыргалбек Касаболот Кыргызстандагы айылдар боюнча укмуш уламыш айтты…

81 жаштагы апанын демилгеси уланууда…

«Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы атабыз Ашыралы Айталиевдин байбичеси 81 жаштагы Наила апабыз Бишкектин чоӊ көчөлөрүнүн бирине абышкасынын аты берилсе деген сураныч менен президент Садыр Жапаровго 5-августта кайрылган. Ошондон бери апанын демилгесин колдоп кеткен кыргыз элимден айланса болот, кайрылууга үн кошушту жана кошушууда…

Бул кайрылуу боюнча буга чейин мурдагы маданият министрлери: Султан Раев, Ибрагим Жунусов, Нуржигит Кадырбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов, профессор, публицист Абдиламит Матисаков, «Айкүр» федерациясынын вице-президенти Искен Кожокеев, акын, котормочу. драматург Алтынай Темирова, манасчы Дөөлөт Сыдыков, комузчу Кенжебек Алдаяр, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин директору Түмөнбай Колдошов, КРнын эмгек сиӊирген артисттери Амантай Кутманалиев, Малик Аликеев, төкмө акын Максат Кулуев пикирлерин билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Аларга улай бардык темада макала-маектерди жазып жүргөн журналист байкебиз Сурат Жылкычиев пикирин билдирди эле. Бүгүн болсо, өнөрдүн жана өнөр адамдарынын баа-баркын мыкты билген, Түркияда убактылуу жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик, улутка күйгөн мекенчил азаматтарыбыздын бири Жыргалбек Касаболоттун WhatsAppтан келген жообун, жүйөлүү пикирин сунуштап отурабыз

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Бишкектеги көчөлөрдүн аттарын кыргыздын тарыхый инсандарынан эмнесин аяйбыз?»

— Наила апанын демилгесин, албетте, колдойм. Бишкектеги көчөлөрдүн аттарын кыргыздын тарыхый инсандарынан эмнесин аяйбыз?

Кыргыздын мыктыларынын баарынын аттары Бишкектеги орусча көчөлөргө берилсин! Рысбай, Жолон, Турар, Жеңижок, Барпы, Коргоол, Тайлак баатыр, Курманбек баатыр көчөлөрү болсун. Кийинки муундарга тарбия болот. Жок эле дегенде бири болбосо, бири бул ким экенине кызыгат.

Уламышка караганда, Дагестандын улуу акыны Расул Гамзатовду биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тосуп алып коноктогону баратса жалаң эле орусча айылдардын аттары кездешет дейт. Петровка, Панфиловка, Новопавловка деген сыяктуу аттар чыга берген го. Бир убакта Расул Гамзатов: «Чингиз Торекулович, я смотрю, все еще по России едем, когда будем в Кыргызстане?» деп тамашалаган дейт. Анын сыңарындай, Кыргызстанда жүргөн киши жер-суу аттарын көргөндө өзүн Кыргызстанда жүргөндөй сезери азыр да күмөн.

Башкасын билбейм, баш калаада орустар өздөрү да эчак унутуп калган кишилердин ысымдары көчө тургай райондорго коюлган, азыр да ошондой.

Мисалы Свердлов революция убагындагы экинчи, үчүнчү пландагы эле адам болгон экен, биз эмгиче борбордун төрт районунун бирин анын урматына атап жүрөбүз. Анысы аз келгенсип, кыргыздын атактууларына келгенде эле бир көчөнү үч болүп майдалап калмак дөбө кыла калган жайыбыз бар.

Айталык, бир эле көчөгө Манас, Тынчтык, Чынгыз Айтматов тыгылышып кала турган кандай жайы бар? Же  Абдрахманов, Элебесов, Байтик баатыр үчөө бир көчөнү талашып калгыдай адамдар эмес го. Берсек чон эле көчөлөрдү баштан аяк эле бербейлиби. Ошол эле учурда Донецк, Киев,  Москва сыяктуу көчө аттарын кыргыздын баатырларына, акылмандарына, залкар маданий же илимий ишмерлерине алмаштырса кыргыз эли каршы болбосо керек. Ал үчүн биз дегеле тарыхыбызды кайра баштан карап, улуттук кызыкчылыктын негизинде баалап чыгышыбыз зарыл. Кайсы гана адамдын болбосун өмүр жолу Кокон хандыгына же СССРге синирген эмгегине эмес, кыргыз элинин өз кызыкчылыгына кылган кызматына жараша бааланууга тийиш. Бирок мунун баарын жасаш үчүн кайрат керек. Биздин чоңдордо андай кайрат жок. Бул эле маселеде эмес, башка да көптөгөн жагдайларда ошондой кайратын, саясий эркин көрсөтө алган жетекчилер бийлик башына келгенде гана биз чыныгы эгемен өлкө болууга кадам таштайбыз.

Финляндиядагы үн…

Наила апабыздын кайрылуусун, демилгесин колдогон Кыргыз Эл артисттери: Атайбек Бөдөшов, Каныкей Эралиева, ырчылар Стамгүл Турдалиева, Салима Балтаеванын жана белгилүү сүрөтчүлөрдүн, коомдук ишмерлердин жана журналисттердин пикирин жакында окуй аласыздар!

Бир аздан соң көп жылдан бери Финляндия мамлекетинин Хельсинки шаарында жашап, эмгектенип келаткан дагы бир мекенчил мекендешибиз, кесиптешибиз Асыран Айдаралиевдин пикирин окуй аласыздар!

Назира СААЛИЕВА

3 thoughts on “Жыргалбек Касаболот Кыргызстандагы айылдар боюнча укмуш уламыш айтты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.