«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилери бүгүн «Дыйкан» базарын ачты

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилери бүгүн «Дыйкан» базарын ачты

«Кыргыз темир жолу» УК Мамлекеттик ишканасынын  балансында турган «Дыйкан» базарынын ачылыш аземи бүгүн, 18 –августта болуп өттү.  Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чарага  “Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, келечектеги сатуучулар-ижарачылар катышты.

“Кыргыз темир жолу» соода орундарын берүү менен соода жана рыноктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш -чараларды өз алдынча жүргүзөт.

“Дыйкан” базары айыл чарба продуктыларын жана азык -түлүк товарларын дүң жана чекене сатууга арналган. Базар товарларды сактоочу кампа, контейнерлерди камтыйт.  Соода-сатык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тилкелер, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирүүчү жайлар бар.

Айыл чарба продукцияларынын сапатына санитардык көзөмөл тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлөт. Объектинин жалпы коопсуздугу, өрт коопсуздугу, таштандыны чыгаруу жана территорияны санитардык тазалоого, суу, электр энергиясы менен камсыздоону ишкананын структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.