Ооганстандагы президенттин милдетин аткаруучу Амрулла Салех элди талибдерге каршы турууга чакырды

Ооганстандагы президенттин милдетин аткаруучу Амрулла Салех элди талибдерге каршы турууга чакырды

Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды. “Ооганстандын Конституциясына ылайык, президент жок учурда, качканда, отставкага кеткенде же өлгөндө биринчи вице-президент анын милдетин аткарат. Мен Ооганстандамын жана легитимдүү түрдө бул милдеттерди аткарам. Мен эч качан, мени уккан миллиондогон кишилерди иренжитпейм. Мен эч качан “Талибан” менен бир чатыр алдында болбойм. Эч качан”,– деп жазды А. Салех.

Эске сала кетсе, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослов Ниязов 16-августта «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр Кабулда 20дай кыргызстандык бар, алардын колунда билети бар, 21-августка чейин учуп кетиши керек.

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, «качкын» макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына Кыргызстан 1996-жылдан бери мүчө.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.