Түркмөнстан чек арадан ооган качкындарын өткөргөн жок

Түркмөнстан чек арадан ооган качкындарын өткөргөн жок

Түркмөнстан Ооганстандан качкан аскерлер менен этникалык түркмөндөрдү чек арасынан өткөргөн жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жергиликтүү аскер кызматкерлерине шилтеме жасоо менен билдирди.

Бул арада Ооганстан менен чектеш түркмөн райондорунда жашоочулардын тынчсыздануулары күчөдү.

«Койтендаг районунун [Лебап] тургундары чек аранын аркы бетиндеги атышуулардын үнүнөн үрөйлөрү учуп, дүрбөлөңгө түшүүдө», — деп билдирди лебаптык аскер кызматкерлеринин бири.

Ашхабад ооганстандык качкындардын абалы жана коңшу өлкөдөгү кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Түрмөнстан Ооганстан менен 800 чакырым аралыкта чек аралаш. Буга чейин түркмөн бийлиги ал жакка кошумча аскер күчтөрүн, техникаларды жана медициналык персоналды жөнөткөнү айтылган.

Эске сала кетсе, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослов Ниязов 16-августта «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр Кабулда 20дай кыргызстандык бар, алардын колунда билети бар, 21-августка чейин учуп кетиши керек.

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, «качкын» макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.