Жыпара МАМБЕТОВА: «Башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат»

Жыпара МАМБЕТОВА: «Башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат»

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши мүмкүн.

«Ооганстанда кырдаал курчугандан бери бизге «качкын» макамын сурап кайрылгандан боло элек. Бирок бизге да качкындар өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар. Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурун кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына «качкын» макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда. Башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат«,- деген Ж.Мамбетова.

Эске сала кетсе, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослов Ниязов 16-августта «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр Кабулда 20дай кыргызстандык бар, алардын колунда билети бар, 21-августка чейин учуп кетиши керек.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр экенин 16-августта билдирген.

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, «качкын» макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына Кыргызстан 1996-жылдан бери мүчө.

САЛЕХ: «Мен эч качан “Талибан” менен бир чатыр алдында болбойм»

Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырды.

Ооганстандын Конституциясына ылайык, президент жок учурда, качканда, отставкага кеткенде же өлгөндө биринчи вице-президент анын милдетин аткарат. Мен Ооганстандамын жана легитимдүү түрдө бул милдеттерди аткарам. Мен эч качан, мени уккан миллиондогон кишилерди иренжитпейм. Мен эч качан “Талибан” менен бир чатыр алдында болбойм. Эч качан”,– деди А. Салех.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.