Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА: «Париждеги Олимпиадага катышам, алтын медаль алууга болгон күчүмдү жумшайм»

Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА: «Париждеги Олимпиадага катышам, алтын медаль алууга болгон күчүмдү жумшайм»

Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадага катышып, жеӊишке жеткен спортчуларды президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Алгач кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова сыйланды. Ага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана «Toyota RAV4» үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Ал президентке, кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, келе жаткан майрамыбыз менен куттуктап, “Күмүш медалымды мамлекетибиздин эгемендигинин отуз жылдык мааракесине арнаймын. Буюрса, ден соолук болсо, келе жаткан Париждеги Олимпиада оюндарына катышам, алтын медаль алуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм”,-деди.

Андан кийин грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом, «Toyota RAV4» автоунаасы менен сыйланды. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага да III даражадагы «Манас» ордени, 7 млн. сом, «Toyota RAV4» үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Эске сала кетсек, Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадага дүйнөнүн 205 өлкөсүнөн 12 миңден ашуун спортчу катышты. Анын ичинен 86 мамлекет гана медаль менен кайтты. Алардын бири — биздин Кыргызстан… Биздин мамлекеттен 17 спортчу барып, эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, коло үчүн 5 миллион сом сый акы убада кылынган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.