Ооганстандан качкан кыздар «талибдер ырайымсыз болушат» десе, Турсунбай Бакир уулу «талибдер коркунучтуу эмес» дейт..

Ооганстандан качкан кыздар «талибдер ырайымсыз болушат» десе, Турсунбай Бакир уулу «талибдер коркунучтуу эмес» дейт..

Талибдерден кооптонгон Ооганстандын миңдеген жараны алардан качып кутулууга аракет кылып, өлкөдөн чыгып кетүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорду пайдаланууда. Алардын көбү коңшу Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Азырынча Тажикстанга келген ооган качкындары боюнча расмий маалымат жок. 7-июлда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги аймакка миңден ашык ооган жараны келгенин билдирген. Мындан тышкары өз өмүрлөрү үчүн кооптонгон 1,5 миң ооган жоокери да «Талибандан» Тажикстанга качып киргени кабарланган. Көп өтпөй тажик бийлиги ооганстандык аскерлердин баары кайра мекенине кайтарылганын билдирген.

Өлкө талибандардын көзөмөлүнө өткөндөн кийин канча ооган жараны Тажикстандын аймагына өткөнү белгисиз. «Озоди» радиосу 16-августка караган түнү ооган армиясынын 143 жоокери Хатлон облусунун административдик борбору эсептелген Бохтар шаарына учуп келгенин кабарлаган.

Фаришта ХУСЕЙНИ: «Атам өлкөнү «Талибан» кыймылы башкарып турган жылдары өлтүрүлгөн»

«Талибан” кыймылынын жоочулары Кабулга жакындап калганда Тажикстанга качып кеткен 27 жаштагы белгилүү ооганстандык спортчу жана жарандык активист Фаришта Хусейни«Озоди» радиосуна интервью берип, талибандар тууралуу айтып берген. Ал таэквондо боюнча Ооганстандын чемпиону. Душанбеге апасы менен келген. “Мен өз үйүмдө жашап, мекениме кызмат кылууну кыялдангам, бирок мени өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышты. Атам өлкөнү «Талибан» кыймылы башкарып турган жылдары өлтүрүлгөн. Талибдер менин байкемди да өлтүрүшкөн. Азыр Кабулдагы тааныштарыма телефон чалып турам, алар абал оор бойдон калып жатканын айтышат. Адамдар «Талибандын» 20 жыл мурдагы башкаруусун унута элек, талибдер түркөй жана ырайымсыз болушкан», — деген Ф. Хусейни.

Савсан АЗИЗИ: «Талибдер өзгөрөт дегенге кантип ишенебиз?»

Ооганстандык дагы бир качкын кыз Савсан Азизи, ал Кабул университетинин юридика факультетин аяктап, Тажикстанга келгенине бир жарым айдан ашкан. Ал туугандары аны тааныбаган кишиге күчтөп күйөөгө берүүгө аракет кылганда өлкөдөн чыгып кеткен. «Мага коркутуулар боло баштаган. Ошондон улам үй-бүлөмдү алып Ооганстандан кетүүгө аргасыз болдум. Өз өлкөмдөгү аялдардын укугун коргоо үчүн алган билимимди пайдалана албай калганыма өкүнүп жатам. Талибдер акыркы 20 жылдан бери жөнөкөй тургундарды өлтүрүү, аларга зомбулук көрсөтүү менен алектенип жүрүштү. Алар өзгөрөт дегенге кантип ишенебиз? Азыр жай тургундар өз өмүрү үчүн кооптонбой, тынч жашаса болот деп жатышат, бирок, чынында талибдер бир катар аймактарда жөнөкөй адамдарга, анын ичинде аялдарга карата зомбулук көрсөтө башташты», —деп билдирген «Озоди» радиосуна.

Фаришта менен Савсандын келечеги кандай болот белгисиз. Алардын Тажикстанда калып жашоосуна эч кандай шарттары жок. Үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүү оор, мекенине кайтып бара алышпайт.

Талибдер эмнеге тыюу салган?

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусунда шарият мыйзамдары иштеп, телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген. Алардын күйөөсү же эркек жакын туугандарысыз сыртка чыгуусуна тыюу салынган. Ооганстандагы Надия Анжуман аттуу акын кыздын ыр жазганы адабиятчы күйөөсүн кыжырлантып, талибдердин каарына калат. 25 жаштагы акын кыз күйөөсү тарабынан сабалып, тепкеленип өлтүрүлгөн. Акын кыздын аянычтуу тагдырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

«Талибан» бул жолу эскиче башкарбай турганын айтып, аялдардын укугун басмырлаган учурлар болбойт деп убада берген. Талибдер шарият эрежелеринин алкагында кыздарга мектепте окууга уруксат берилерин билдирген. Бирок анын убадалары ооган коомчулугунда ишеним жарата элек.

«Маджмааи Ориёно» уюмунун маалыматына ылайык, Тажикстанда болжол менен 6 миң ооган жашайт.

Турсунбай БАКИР уулу: «Ташиевдин «500 студентти окутабыз» дегени жакты»

Экс-депутат, ажы Турсунбай Бакир уулу талибдер тууралуу таптакыр башкача пикирде экен. Ал «КалемПир ТВнын» журналистине талибдерди колдогонун ачык эле билдириптир. Ооганстандагы окуя жана талибандар тууралуу кенен интервью бериптир. Анын айтымында, талибдер коркунучтуу террористтер эмес, тынчтыкты алып келүү максатты гана көздөп жатышыптыр. «Талибандар жаман деп элди чочуткандарга айтат элем, «Чочутпагыла! Кыргызстан чагымчылдыкка ишенбеши керек, талибандардан коркпошу керек. Биздин мамлекет туура саясат жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев туура иш жүргүзүп жатат. Президент Садыр Жапаров «көзөмөлгө алабыз» десе, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирүүсүн таратып, «Ооганстанга гуманитардык жардам кылабыз»,-деди. Мага жаккан анын идеясы «500 студентти окутабыз»,-дегени болду. Ошон үчүн Кыргызстан туура саясатта баратат. Биз талибандар менен мамиле, алака түзүшүбүз керек«,-дептир Турсунбай Бакир уулу. Толук видеосун бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүп, уксаныздар болот.

Ажынын бул интервьюсунан кийин Дилбар Чокоева «Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандан кетсин!» деген тема менен «Фейсбукка» жазып чыккан. «Турсунбай Бакир уулу талибандардын жеңишине кадимкидей кубанып жатканын байкадыңарбы? Пакистан даярдап жаткан 5-колониянын ана башчылары ушинтип өздөрүн билдире баштады«,-деген пост жазган. Анын алдына Дилбар айымдын демилгесин колдогон коомчулук «кетсин» деген комментарийлерди калтырган.
Амрулла Салех элди талибдерге каршы турууга чакырган…

Эске сала кетсек, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырган.

Белгилей кетсек, «Халифат» куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.