Сүйүн Өмүрзаков: «425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталды»

Сүйүн Өмүрзаков: «425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталды»

Кечээ, 24-августта өткөн ИИМдин коллегиясынын отурумунда негизги баяндамасы менен ИИМ министринин биринчи орун басары, милициянын генерал–майору Сүйүн Өмүрзаков чыгып сүйлөп, республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы  билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков: “Өзүңүздөр билгендей, президентибиз келип ички иштер министрлигинин заманбап координация жүргүзүү боюнча уюштурулган ишмердүүлүгүнө, коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулука каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар менен таанышты. Эн негизгиси элге кызмат кылуу боюнча алдыга коюлган максаттарды белгилеп, пикир сунуштарды айтып өттү. Ошондуктан, жетекчиден баштап, катардагы кызматкерлерге чейин бүгүнкү күндөгү ар түрдүү кырдаалда жаралган тоскоолдуктарга карабастан президентибиз тарабынан коюлган бардык тапшырмаларды жана талаптарды, жүктөлгөн милдеттерди аткарып, келечекте дагы жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык аракеттерди жумшашыбыз керек!

Негизинен 6 айда ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды. Алсак, райондордо, анын ичинде алыскы айылдарда жашаган элдин бир тактама алуу үчүн шаардык борборлорго келип, узун кезекке туруп, убара болуусуна бөгөт коюу максатында, Нарын облусунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Талас облусунун Талас жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү пункттары ачылып, ишке киргизилди. Ошондой эле өздүк курамдын ички тартибине өзгөчө көңүл буруу, мыйзам бузуу, тартип бузууларга жол бербөөнү жана ага ар бир жетекчи жоопкерчиликте экендигин да баса белгиледи. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ички иштер органдарында тарабынан өндүрүштө турган жалпы 76 миң 413 кылмыш жана жоруктар катталган. Анын ичинде кылмыштар 43.159, жоруктар 33 миң 254 түзгөн. Отчеттук мезгилде өндүрүштө турган 37 миң 406 кылмыштардын жана жоруктардын ичинен 20 миң 924 кылмыштын бети ачылып, бетин ачуу 55,96 % түздү. Сотко 14 миң 909 иш жөнөтүлүп былтыркы жылга караганда 49,6% көп жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, 1051 адамдан турган 425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталган. Президентибиздин инвесторлорду колдоо, социалдык-экономикалык абалды көтөрүү боюнча Жарлыктардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Биз ал жарлыктардын талаптарын аткаруу максатында атайын иш-чараларды белгилегенбиз. Анын алкагында жер-жерлерде инвесторлорго шарт түзүп берүү, ар кандай тартип бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу иштерин колго алуу менен коомдук тартипти сактоо багыттарына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл«,-деп билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ ИИМдин 6 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өткөн. Ал жыйынга президент, Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ИИМ министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, биринчи орун басар, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир шаардык-райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышкан.

ИИМдин коллегиялык отурумун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.