Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, камакта калды

Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, камакта калды

Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралып, өзгөртүүсүз калтырылды.  Темир Сариевдин жактоочулары, тарапташтары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Адвокаты Тимур Султановдун айтымында, Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Темир Аргембаевич эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаган.

Эске сала кетсек, Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди УКМК «Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагып, 3-августта камаган. Баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-августта түндө каралып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. 11-августта 70ке жакын коомдук ишмерлер бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Өмүрбек Текебаев Темир Сариев коркунучтуу кылмышкер эместигин баса белгилеп, баш коргоо чарасы тууралуу пикирин билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.