ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин байбичеси, кызы, небереси элге жана эки саясатчыга ыраазычылык билдирди

ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин байбичеси, кызы, небереси элге жана эки саясатчыга ыраазычылык билдирди

Эсен болуп, эстей жүр!

III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиевдин көзү тирүү болгондо 94-жайды тосмок экен.

1927-жылы 8-мартта Сары-Өзөн-Чүйдүн Кант районундагы Жедигер айылында жарыкка келген атабыз 81 жашында көз жумган. Арабыздан узап кеткенине 12 жыл болуптур.

Абышкасынан ажырап калгандан кийин Наила апанын барбаган босогосу, какпаган каалгасы калбай чуркап жүрүп эстелигин тургузуп, айылындагы окуган мектебине ысымын бердиртти. Эми Бишкектеги чоӊ бир көчөгө абышкасынын аты берилсе деген демилге көтөрүп отурат.

81 жаштагы апа президент Садыр Жапаровго августтун башында видеокайрылуу жасаган.

Наила апанын бул кайрылуусуна Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев жооп жазыптыр. Анда ал бул маселени Бишкек мэриясына жиберилгенин жана алардын көзөмөлүндө болорун билдириптир.

Ошондой эле Наила апанын бул демилгесин коомчулук колдогон жана колдоп жатышат. Ашыралы атабыздын үй-бүлөсү колдоп жаткан элге жана эки саясатчыга ыраазычылык билдиришти.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Наила апанын кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар үн кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Наила апабыздын кайрылуусун, демилгесин колдоо улантылат. Айтылуу залкар акын Байдылда Сарногоевдин үй-бүлөсүнүн, Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева, ырчы Стамгүл Турдалиева, акын Мая Осмонкулова, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана белгилүү сүрөтчүлөрдүн, журналисттердин, коомдук ишмерлердин жана элдин пикирин окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.