Терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар Чүйдө болуп өттү

Терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар Чүйдө болуп өттү

Бүгүн, 26-августта Чүй облусунда терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинер болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, семинар Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аректтенүү кызматынын (ЭММКАК) демилгеси менен Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп өткөн. Мындай иш-чарага Чүй облусунун ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Алымбаев Нурил Жайылбекович, Чүй облусунун ИИББнын ЭММКАКтын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эдилбаев Элмир Бакенович, ИИМдин ЭММКАКнын, Чүй облустук казыяттын, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын, Чек ара кызматынын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышкан.

Жолугушууда Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар жана алардын көз караштары тууралуу слайд көрсөтүлүп, андан сырткары алардын аракеттерине карата биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар айтылды.
Иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар тарабынан биргеликте бекитилген иш-мерчемдердин алкагында тынымсыз жумуштар жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү жумуштары жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Белгилей кетсек, «Халифат» куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.