ИИМ: «Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт»

ИИМ: «Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт»

ИИМ Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ИИМ коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын бекитип, ички иштер органдарынын тартылган бөлүктөрүнүн күчтөрү менен каражаттарын эсептеп чыкты. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча профилактикалык жана башка иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө. Республиканын маанилүү обьектилеринде, жашоо -тиричилик объектилеринде жана башка жерлерде, анын ичинде чет мамлекеттердин элчиликтеринде, консулдуктарында жана өкүлчүлүктөрүндө коопсуздукту күчөтүү чаралары көрүлдү.

30-августтан 1-сентябрга чейин ички иштер органдары менен ИИМдин Ички аскерлери кызматтын күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Жалпысынан майрамдык жана маданий иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого 9000 ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылат. Борбордо жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү региондордо ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча деталдуу иш-планын иштеп чыгышкан.

Ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине өздүк курамга кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту жана кесиптик этиканы сактоо боюнча тескемелерди өтүү тапшырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.