МАМБЕТКАЗИЕВА: «Маданият министрлиги сүрөттү көргөзмөдөн алып салууну суранышты. Бирок, ага негиз жок»

МАМБЕТКАЗИЕВА: «Маданият министрлиги сүрөттү көргөзмөдөн алып салууну суранышты. Бирок, ага негиз жок»

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин «Ата-Бейит» сүрөтүн көргөзмөдөн алып салууну суранышканын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Айгүл Мамбетказиева «Kloop» сайтына билдирген.

Анын айтымында, ага 25-августта Маданият министрлигинин кураторлору телефон чалып, суранышкан. Ал себебин сурап, албай койгон. Директор сүрөттү алып салууга негиз жоктугун, автордун сүрөтүндө кандайдыр бир карама -каршылык, согушка, мамлекетти кулатууга чакырык жок экендигин баса белгилеп, Кыргызстандын тарыхына байланышкан тематикалык сүрөт экендигин айтып, азырынча бийлик тараптан кысым болбогонун билдирген.

Таалайбек УСУБАЛИЕВ: «Мага азырынча эч кимден кысым болгон жок»

Ал эми сүрөттүн автору Таалайбек Усубалиевдин 24.kg маалымат агенттигине билдиргенине караганда, анын бул эмгеги мурунку, кийинки мамлекет башчыларынын башын бир жерге бириктирүү үчүн гана иштелип чыккан. Ага азырынча эч кимден эч кандай кысым болгон эмес. Эмне үчүн мындай болуп жатканы ага түшүнүксүз. «Чыңгыз Төрөкулович: “Таалайбек, эч нерседен коркпо! Жүрөгүңдө эмне бар болсо, ошону жаз»,- деген Таалайбек Усубалиев.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Жаңы соцреализм 2» аталыштагы көргөзмө (24 -августтан 7 -сентябрга чейин) ачылган. Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Аталган көргөзмө TOLOM MUSEUM жана BILIMKANA коомдук уюмдары тарабынан уюштурулган. Ал көргөзмөгө сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин «Ата-Бейит» сүрөтү да коюлган. Анда мурунку президенттер: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун сүрөтү тартылган. Бул сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкууланууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.