Султанбек ЖООШБАЕВ: «ИАКнын маянасы 40 пайызга көтөрүлөөрү жөнүндө президент жакшы сөз айтты» 

Султанбек ЖООШБАЕВ: «ИАКнын маянасы 40 пайызга көтөрүлөөрү жөнүндө президент жакшы сөз айтты» 

«Өлкө башчы тараптан жасалган өзгөчө камкордук Ички аскерлер үчүн чоң стимул болду»,-деп ИИМдин ардагерлери кубануу менен кабыл алып, пикирлерин билдиришкенин ИИМдин Басма сөз кызматы бугун, 26-августта билдирди. 

ИИМдин Генералдар клубунун жетекчиси, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мындай деген:

—  Мекенибиздин коопсуздугун коргоодо, аны сактоодо, эбегейсиз эрдик жасап, өз өмүрүн курмандыкка чалып, мекен үчүн ак дилден кызмат кылган биздин ички аскерлердин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде болуп өтүп, ИИМде чоң майрам болуп турган учуру. Ушул мааракени куттуктайм. Силердин мекен коопсуздугу үчүн жасаган эмгегиңер эч качан көз жаздымда калбаары жана жогору бааланаары бүгүн, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин сөзүнөн кийин далилденди десем болот. Өлкө башчы тараптан жасалган өзгөчө камкордук жана мээрим силердин мындан ары да талыкпай иш алып барышыңарга чоң стимул болду деген ойдомун. Мындан ары да ушундай талыкпай эмгек кылып, ийгилик жарата беришиңерге тилектешмин.

Султанбек ЖООШБАЕВ: «Министрге ыраазычылык билдирем» 

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев мындай деген:

— 24-августта, ИИМдин башкы имаратында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин катышуусунда ИИМдин Ички аскерлеринин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди. Өлкө башчыбыз өз кайрылуусунда, Ички аскер кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөөрү жөнүндө абдан бир жакшы сөздөрдү айтып кетти. Менин оюмча бул абдан туура чечим. Себеби, Ички аскер кызматкерлери абдан оор шартта өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кызмат өтөшөт. Алардын эрдиктерине кечээги Баткен окуясында калың эл да күбө болду. Өлкө үчүн өмүрүн аябаган эр азамат жигиттерибизди ар тараптан колдоп, аларга жакшы шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн күч түзүмдөрүнүн башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичке жана ага сунуш жасаган ички иштер министри Ниязбеков Улан Омокановичке терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин.

Эске сала кетсек, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага президент, Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышып, ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМдин ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырган.  Ошондой эле, президент ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койгон.

Андагы толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.