ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин атын Бишкектеги чоӊ бир көчөгө берүү демилгени акын, ырчылар колдоду!

ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин атын Бишкектеги чоӊ бир көчөгө берүү демилгени акын, ырчылар колдоду!

III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиев атанын 81 жаштагы байбичеси Наила Айталиева апанын Бишкектеги чоӊ бир көчөгө абышкасынын аты берилсе деген демилгесин колдоо улантылууда.

Каныкей ЭРАЛИЕВА, Кыргыз Эл артисти: «Улуу залкардын атын бир көчөгө берилишин эл каалайт»

— Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Айталиев Ашыралы агабыздын атын Бишкектеги бир көчөгө же бир музыкалык мектепке ыйгарылышы эӊ туура деп ойлойм. Байбичеси Наила эженин демилгесин колдойм. Кыргыз коомчулук да колдоп жатат. Улуу залкар таланттын атын өчүрбөй, келечектеги жаш муунга таанытуу үчүн атын Бишкектеги бир көчөгө берилишин эл каалайт.

Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА, акын: «Ашыралы Айталиевдин аты ушул убакка чейин берилбегени уят эле иш”

 — Кыргыз элине эмгеги сиңген залкар акындын атын бир көчөгө берип коюу ушунчалык кыйынбы? Аты-жыты билинбеген адамдардын канчасынын аты көчөлөргө берилди? Ашыралы Айталиевдин атын алып жүргөн көчө болсо, эч ким нааразы болбойт. Себеби, бул залкар адам өлбөс-өчпөс кандай гана мыкты чыгармаларды жаратып кетти. Жогорку чеберчиликте аткарган чыгармаларын санасак, «Жылкычынын ыры», «Карагул ботом», «Ак шоокум», «Ак мөөр», «Нарындан жазган салам кат» жана башка толтура. Карагылачы, улуу адамдын калеминен кандай гана керемет, кайталангыс чыгармалар жаралган! Ошондуктан Ашыралы Айталиев унутта, көз жаздымда калуучу адам эмес. Көзү жок болсо да улуулугу, кайталангыс таланты кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет!

Ашыралы Айталиев кыргыздын аттын кашкасындай таанымал болгон төкмө акыны. Улуу адамдын аты, ушул убакка чейин, жок дегенде бир көчөгө берилбегени уят эле иш. Буга чейинки мамлекет башчылары эстерине албаган бул катачылыкты азыркы президент Садыр Жапаров иш жүзүнө ашырат деген ишеничтемин. Себеби, Садыр Нургожоевич маркумдун байбичесинин видеокайрылуусун угуп, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевге дайындаса керек. Ал адам Наила Айталиеванын дарегине кат жазганын окуп кубандык. Буга чейин байбичесинин барбаган жери, түрпөгөн эшиги калбаптыр. Ушундай нааразылыктар элдин кыжырын кайнатып, бийликке ишенимин жоготуп жатпайбы. Акырында эмне дейбиз, Наила Айталиеванын демилгесин колдойлу улуу журтум, ак-пейил, айкөл элим!?

Стамгүл ТУРДАЛИЕВА: «Ашыралы Айталиевдин ысымын кыска, чолок эмес, узун, чоӊ көчөгө бериш керек»

Стамгүл Турдалиева белгилүү ырчы, обончу, комузчу, жамакчы Төлөш Турдалиевдин кызы:

— Ашыралы Айталиев менин атам менен  Филармонияда чогуу иштеген экен. Экөөнүн жылдызы келишип, чыгармачылыкта тил табышып, көп жылдар бою чогуу жүрүшүптүр. Менин атам Филармонияда 22 жыл иштесе, Ашыралы Айталиев эки эсе көп иштеген. Эмгеги сиӊген адамдын атын Бишкектеги бир көчөгө аябай эле бериш керек, Кыска, чолок эмес, узун, чоӊ көчөнү бериш керек. Аты Алайга, даӊкы далайга кеткен адамдарга бербегенде кимге беребиз? Алигүнчө орустардын атындагы көчөнү алып жүрөбүз, кереги барбы? СССР убагында алып жүрдүк да, эми алардын ордуна улуу таланттардын ысымын ыйгаруу абзел. Ушунун баарына Маданият министрлиги көз салышы керек болчу. Азыр наамдын, сыйлыктын да баркы кетти. Ашыралы Айталиевдин 80 жылдык мааракесинде «Мыктынын мыктысы» деген наам берилгенин укканым бар. Бул уят да, «Кыргыз Эл Баатыры» деген наам берилиши керек болчу. Мына, кечээ эле сахнага келген жаш ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлжигит Сатыбеков, Самара Каримовага окшогондор наам алып жатат. Булар менин атам, Ашыралы Айталиевдей болуп айлап, жылдап айылды, чабандарды кыдырып, элдин рухун, духун көтөруп, маданиятка чоӊ салым кошкон эмгек кылган жок да. Чалкалап машина менен же самолет менен барып, концерт коюшат. Анда да жандуу эмес, фонограмма менен ырдашат. А биздин аталар жандуу, комуз менен ырдашчу. Менин атам 22 жыл уй бетин көрбөй иштеп, бир да сыйлык алган эмес. Мына ушунун баары Маданият министрликтин катасы. Алар акчалууларды эмес, залкарлардын эмгегин сыйлаш керек болчу. Эгемендуулуктун 30 жылдыгына карата Ашыралы Айталиевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы менен кошо бир көчөгө атын,берсе да жарашат. Себеби, бул адамдын эмгеги зор. Ушундай залкар адамдын атын сурап, демилге көтөргөн байбичесин сыйлайм, урматтайм! Учурдан пайдаланып, келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук каалайм!

Мая ОСМОНКУЛОВА,акын: «Ашыралы Айталиевдин ысымын бериш керек»

 — «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чеберчилик менен айткан Ашыралы Айталиевдин ысымын Бишкектеги бир көчөгө, арийне, бериш керек. Каяктагы эч ким билбеген орустардын аттары менен аталган көчөлөр бар, ошолорду капкачан эле алмаштырыш керек болчу.

Ашыралы Айталиев бир топ ырларды жазып, обон чыгарган. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» жана башка дагы чыгармалары элге тарап, азыркыга чейин ырдалып келатат.

Ашыралы Айталиев кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып, бир топ төкмө акындарды таптап чыгарды. Алсак, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Максат Кулуев, Аалы Туткучев жана башка дагы толтура.

Азамат БОЛГОНБАЕВ: «Ашыралы атаны даңазалап алуу кийинки муундун милдети»

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору, Ашыралы Айталиевдин шакирти, төкмө акын Азамат Болгонбаев устаты тууралуу:

 Ашыралы Айталиев кыргыз элинин төкмө акындык өнөрүнүн улуу залкары. «Айтыш» коомдук фондунун акындар мектебинин улуу устаты катары учурдагы төкмө акындардын дээрлик баардыгын тарбиялаган. Өзү да Осмонкул, Алымкул өңдүү Кыргыз элинин дааанышмандарынан тарбия алган. Акындык өнөрдүн улуу көпүрөсү Ашыраалы Айталиевдин ысымы Бишкек шаарындагы бир көчөгө берилип аты түбөлүккө сакталса, урпактар аткарган мыкты иш болот эле.

Оозеки салттагы элдик чыгармачылыктын көрүнүктүү өкүлү Ашыраалы атанын бир топ обондуу ырлары да Кыргыз музыка өнөрүнүн казынасынан орун алган. Ашыралы атабыз 21-кылымдын башталышында нечендеген жаштарды тарбиялап кетти. Даңазалап алуу кийинки муундун милдети.

Наила апа, кызы, небереси элге жана эки саясатчыга ыраазычылык билдирген:

Наила апа президент Садыр Жапаровго августтун башында видеокайрылуу жасаган:

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Наила апанын кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар үн кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Түркиядагы Жыргалбек Касаболоттун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден, Финляндиядагы Асыран Айдаралиевдин пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин катын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Наила апабыздын демилгесин колдоо улантылат. Жаӊы шайланган мэр Айбек Жунушалиев Ашыралы Айталиевдин атын Бишкектеги бир чоӊ көчөгө бергенче элдин пикирин бере беребиз, жаза беребиз. 

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.