Аширбек БАКАЕВ, генерал-майор: «Бизге Башкы колбашчынын бул колдоосу абдан жакты»

Аширбек БАКАЕВ, генерал-майор: «Бизге Башкы колбашчынын бул колдоосу абдан жакты»
ИИМдин Ички аскерлеринин мурдагы колбашчысы, генерал-майор Аширбек Бакаев мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирип, буларды айтты:
— Президент Садыр Жапаровдун бизге көрсөткөн колдоосу мамлекеттин коопсуздугун сактоодогу кызматыбызды сапаттуу аткарууга шарт түздү. Биз, ИИМдин Ички аскерлери, ички аскерлердин жоокерлери өзүбүздүн түзүлгөнүбүздүн 80 жылдыгына карата жакшы маареке кылып, кызматыбызды жакшы аткарып келе жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, ИИМдин Ички аскерлери 29-30-апрелде ыйык жерибизди коргоодо антка бекемдигин көрсөткөн. Ички аскерлер “Головной” суу бөлүштүргүч жерди бекем коргоп, жерибиздин бүтүндүгүн сактап калды. Ошол негизде ички аскерлердин быйылкы 80 жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич өзүнүн жарлыктары менен бир талай жоокерлерди сыйлады. 80 жылдыгыбызга карата 24-август күнү келип, “Күжүрмөн кызыл тууну” ички аскерлердин сыймыгы, аскерлердин Мекенди коргоодогу туусу деп тапшырып, ошол жерде бизге абдан чоң кубанычтуу жаңылыкты айтты. Ал жалпы ички аскерлердин өтөп жаткан кызматы өзгөчө жооптуу болгон үчүн ар бир ай бир жарым ай кызмат деп эсептелип, ал эми Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерибиздин бир айы эки айга тете болгондугун кабарлады. Бул саамалык аскерлерге кызматына болгон кызыгуусун арттырып, стимул болуп, бизге Башкы колбашчынын бул колдоосу абдан жакты. Андан тышкары 1-октябрдан баштап ички аскерлердин аскер кызматчыларынын маянасы 40 % жогорулай турган болду. Бул баарыбызды шердентип, демибизге дем, күчүбүзгө күч-кубат кошуп, алдыбызда турган мамлекеттин, жалпы элдин коопсуздугун сактоодогу кызматыбызды мындан да жакшы, мындан да сапаттуу аткарууга чоң өбөлгө болду. Ошон үчүн жалпы ички аскерлердин атынан президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге арткан ишеничин мыкты, сапаттуу ишибиз менен аткарып беребиз деген ишеничтемин.

Эске сала кетсек, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага президент, Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышып, ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМдин ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырган.  Ошондой эле, президент ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койгон.

Андагы иш-чаранын толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.