Темирлан СУЛТАНБЕКОВ: «Учурда тергөө уланууда. ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, анткени…»

Темирлан СУЛТАНБЕКОВ: «Учурда тергөө уланууда. ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, анткени…»

«Социал-демократтар» партиясынын лидери, жаш саясатчы Темирлан Султанбековго карата кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.

Алардын айтымында, 26-августта болжол менен саат 18:30 чамаларда Темирлан Султанбеков Алдамүдүн РИИБүнө кайрылып, ок атканга адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.
Милицияга Султанбековдун айтымында, ал 26-августта «Nissan X-TRAIL» үлгүсүндөгү авттоунаанын айдоочусу А.Б. менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай бараткан. Ал уктап кетип, автоунаанын өзү отурган оң жак тарабынан катуу үн чыкканын угуп ойгонуп кеткен. Айдоочу автоунааны жогорку ылдамдык менен айдап, К.А. аттуу жарандын үйүнө келип токтоп, арткы оң жак терезеси жабыркаганын байкашкан. Айдоочусу жабыркаган эмес. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Бул факты ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темирлан Султанбековдун ыраазычылыгы…

Укук коргоо органдарынын мындай ыкчам иштерине ыраазы болгон Темирлан Султанбеков «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ИИМге рахматын айтты. «Учурда тергөө уланууда, жардамчым экөөбүз арыз жаздык. Ички иштер министрлиги кол салуучуну табууну убада кылууда. Ыраазымын, рахмат»,-деп жазды.

Окуя болгон түн

Эске сала кетсек, Темирлан Султанбеков 26-августта болжол менен саат 01:30 чамаларында анын машинасына белгисиз бирөөлөр ок чыгарганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал аны коркутуу же бир нерсени эскертүү болду деп гана кабыл алганын билдирген.

Белгилей кетсек, ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, былтыр 9-октябрда Бишкектеги башаламандык үчүн камалып, кийин кое берилген. Быйыл 11-июлда “Социал-демократтар” партиясын жетектеп, Бишкекте өткөн жергиликтүү шайлоого катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.