Темир САРИЕВ: «Элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн күрөшөм»     

Темир САРИЕВ: «Элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн күрөшөм»     
Абактагы мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин куттуктоосу, кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына (бүгүн, 30-августта) жайгаштырылды.

Темир САРИЕВ: «Сыналдык, бирок, сынган жокпуз»

— Касиеттүү Кыргыз элим!
Бардыгыңыздарды мамлекетибиздин эң ыйык майрамы – Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Эзелтен кыргыз эли эркиндикти эң бийик тутуп келген. Биз Азия чөлкөмүндөгү эң алгачкылардан болуп өз азаттыгын негиздеген байыркы, түптүү элдин урпагыбыз.
Акыркы 30 жыл ичинде биз ар кандай оор сыноолордон, тар жолдорду кечип өттүк. Сыналдык, бирок, сынган жокпуз.
Чайпалдык, бирок, төгүлгөн жокпуз.
Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн баардыгыбыз жоопкербиз. Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берүү – биздин негизги максатыбыз жана ыйык милдетибиз.
Кадырлуу мекендештер!
Элиме биримдик, жериме тынчтык, жалпы журтума жакшылык каалайм.
Азыркы учурда менин айланамда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, мени менен бирге болгон мекендештериме терең ыраазычылык билдирем. Мекенимдин, элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн акырына чейин күрөшөм.                                                                                                                                   
Эске сала кетсек, Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди УКМК «Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагып, 3-августта камалган. Баш коргоо чарасы эртеси Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-августта түндө каралып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. 11-августта 70ке жакын коомдук ишмерлер бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.
Бишкек шаардык соту 25-августта бөгөт чарасын карап, эч өзгөртүүсүз калтырган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Темир САРИЕВ: «Элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн күрөшөм»     

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.