МАЕК — Аида САЛЯНОВА: «Чоң атам — Салянов Элтуйбас. Таза кыргыз кызымын»

МАЕК — Аида САЛЯНОВА: «Чоң атам — Салянов Элтуйбас. Таза кыргыз кызымын»

Үч баланын энеси (бир уул, эки кыз. Кичүүсү 5 жашта), бир неберенин чоң апасы Аида Салянова 49 жашта. Ал Казакстан мамлекетинин Тараз шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болду. Операция ийгиликтүү өткөнүн айтып, врачтарга ыраазычылыгын билдирди.

АРХИВден…

Аида САЛЯНОВА: «Мыйзамды билбегениң жоопкерчиликтен куткарбайт!»

Ушундай аталыштагы маек 11 жыл мурун «Кыргызстан маданияты» гезитине жарык көргөн. Анда Аида Салянова Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан. Ишке эрте келип, үйүнө кеч кетип, аз уктап, көп иштеп жаткан учуру эле. Телефон чалсам, маектен баш тарткан жок. Болгону түнкү саат 12де бошоорун, ошол убакытка келе алабызбы-жокпу ошону сурады. Болжошкон убакытка журналист сиңдим Салима экөөбүз бардык. Ошондо да бошобой жаткан экен, кабинетинин кабылдамасында жарым сааттай күттүк. Кечирим сурап, кабыл алды. Болгон сурообузга жооп алдык, маектешүү купулубузга толду. Андагы алгачкы жолу таанышкан Аида Салянова менен азыркыга чейин өтө сый мамиледемин. Бизге адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, үй-бүлөнү жогору койгону, принциби, позициясы, коррупция менен күрөшкөнү жаккан. Анда эмесе, архивдеги маекке көнүлүңүздөрдү бурабыз!

— Аида Жеңишбековна, жооптуу да, кооптуу да кызматка келдиңиз. Кызмат сунушталганда кандай кабыл алдыңыз?

— Албетте, мен үчүн күтүлбөгөн сунуш болду. Ары жооптуу, ары кооптуу кызматка киришип жатам деген коркуу болгон жок. Бул ишти алып кетээриме көзүм жетти, өзүмө ишендим десем болот. Бир чети өлкө кыйын кырдаалда турганда, адам укугу тебеленип жаткан учурда бир пайдалуу иш жасайын деп да ойлодум. Анын үстүнө бул кызматын милдет — мыйзамдары мага чоочун эмес, тааныш.

— «Прокуратурада бир күн иштебей туруп башчы болуп келди» деген сын айтыла баштады. Сын-пикирди кабыл алууңуз кандай?

— «Буга чейин прокуратурада эч иштебей туруп келип алды» деген сын-пикирлер айтылып, талаш-тартыш болору турган иш. Жүйөлүү сын экенин мойнума алам, туура. Бирок, кеп кайсы бир тармакта иштеп же иштебегендикте эмес, мыйзам табыятын, ага байланыштуу тармактардын өзгөчөлүгүн таанып-билип, түпкүлүгүн түшүнүп, так, ак, таза иштеп бергенде деген ойдомун.

— Азыр кадр саясаты кандай экени жашыруун деле эмес. Сизге президент жеке баа-ченемден карап ишеним көрсөттү деген сөздөр болууда…

— «Бул кызматты мыйзам негизинде таза иштеп бер!» деп Роза Исаковна сунуштаганы чын. Президенттин мага ишеним көрсөткөнүнө ыраазымын. Эл алдында абийир менен иштеп бергенге бүт далалатымды жумшаймын. «Президент жеке баа-ченемден карап отурат» деген жаңылыштык. Негизи мыйзам боюнча, бул кызматка талапкерди президент көргөзүп, парламентке сунуштайт. Ал адам кызматка бекителиби же бекитилбейби, аны парламент чечет.

— Ким кызмат алып барса, ошонун камчысын чаап кетмей адат калбай келет. Бул жагынан кандайсыз?

— Башкы прокуратура бир партиянын же бир адамдын кызыкчылыгын колдобойт жана колдобошу керек!

— Бул кызматка коррупция, криминал күчөп туган убакта келдиңиз. Алар менен күрөшүүнү кандай жүргүзөсүз?

— Башкы прокуратура коррупция менен күрөшөм десе, биринчи ишти өзүнөн башташы кере! Коррупция менен күрөшүү жалгыз гана Прокуратуранын колунан келет дегенден да алысмын. Себеби, Кыргызстандын ар бир жараны мыйзамга жоопкерчилик менен карашы керек. Анткени, коррупция бардык жерде бар. Бала бакчадан жогорку эшалонго чейин. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, аны жеңебиз. Бирок, айныгыс калып жаткан бир чоң кемчилик бар. Ал – чыгып жаткан мыйзамдардын жергиликтүү карапайым калкка толук кандуу жетпей жатканында жана алардын өз укугун билгенинде. «Мыйзамды билбегениң жоопкерчиликтен куткарбайт!» деген эреже принцип бар. Андыктан ар бир адам Конституцияда жазылган өз укуктарын билүүсү абзел! Ошол эле учурда, биз элден эч нерсени жашырбашыбыз керек! Коррупция дуулдап өсүп, анын азабынан бардык тармак, өзгөчө экономика аксап жатканын элге ачык жеткирүү шарт. Иштин реалдуу чоо-жайын түшүнгөн адамда: «Мындай темп менен жүрүп олтурсак, эртең балдарыбыздын келечеги кандай болот?» деген суроо туулуп, ойлонтот. Ушундай жөнөкөй, жатык тил менен жеткирүү оңой, туура жана эффективдүү.

— Прокуратурада алгачкы таасир кандай болду? Бул мекеме реформалоого муктаж бекен?

— Биринчиден, бир нерсени баса белгилегим келип турат: кайсы жерде иштебейин, бир дагы жаман адам менен иштешкен жокмун. Адамдык да, профессионалдык да жагынан таза, ниети жакшы адамдарга кезиктим. Бул жерден да билимдүү, дасыккан, тажрыйбалуу адамдарга жолуктум. Өз ишин мыкты билгендери, милдет-тапшырмаларды жакшы түшүнгөндөрү жагымдуу таасир калтырды. Прокуратураны түп-тамырынан реформа кылуудан алысмын. Болгону бул мекемени өнүктүрүүгө багытталган программаларды, башка иш-чараларды жолго койсо болоорун баамдадым. Көптөгөн мыйзамдарга оңдоо киргизиш керек экен. Ушул боюнча, биз жогоруда сөз кылган коррупция боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюнча атайын жумушчу топ түздүм. Аны буйруса, өкмөт аркылуу парламентке сунуштайбыз. Алар мыйзамдаштырып берсе, көптөгөн иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк бар.

— «Кыргызстандын СССР тушундагы баш прокурору Иваненко, эгемен жылдардын башындагы баш прокурор Мыктыбек Абдылдаев системаны оңдогон, мыкты иштешкен» деген сөз ушул убакка чейин айтылып келет. Кандай ойлойсуз, жакшы атка конгонго, мындан да жогору кызматка көтөрүлүүгө сизде потенциал канчалык?

— Сиз айткан адамдардын аттары эл жадысында жүргөнү таза иштегендеринен болсо керек да, ээ?! Туурабы?! Анынсыңары, эл, жер үчүн пайдалуу бир иш кылсам деген ниетим бар, ал үчүн милдет кылган эмесмин, кылбаймын дагы. Кызматтан көтөрүлүүнү башкы максат кылган эмесмин. Кылганым чын ниеттен болуп жаткандыктан, акыбети кайтып жатат деген ишенимдемин. Айтпадымбы, кай жерде иштебе, а жерде тазалык, чындык үрөнүн таштай алсаң, так иштесең, кызмат-иш сурантып келбейт, өзү эле табылат.

— Кыргызстанда буга чейин аял баш прокурорлордон Чолпон Баекованы билсем, эми сиз келип олтурасыз. Коомчулук Адилет министри кезиңизде эл элегинен жакшы өткөндөй болдуңуз. Ага чейин сиз кайда окуп, кайсы кызматтарда иштегенсиз?

— Соода техникумга тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктагам. Андан кийин Кыргыз улуттук университетке тапшырып, бир гана жыл окуп, сырттан окууга которулуп кеттим. Анда мен 20 жашта элем. Жогорку билимдүү болгончо өзүм бүткөн техникумда, Чүй университетинде мугалим болуп эмгектендим. 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүндө эксперт, бөлүм башчы болуп иштедим. Адилет министрлигинин статс-катчылыгына сынак жарыяланып, ага катышып, комиссиядан ийгиликтүү өткөм. Бирок мыйзамда «министрдин дагы макулдугу керек» деген норма бар болгондуктан, андагы министр Марат Кайыпов макулдугун бербей койгон. Көп узабай министрлик орун бошоп, ал кызматка Нурлан Турсункулов келди. Ал киши «Мен Аида Салянова менен иштегенге эч каршылыгым жок» деп айтты. Сөз кылган сынак кеңешчилер тобунда эле, эсинде калыптырмын, «Аида Салянова өттү эле» деп чакыртып алган. Анан өзүңөр билгендей, төңкөрүш болуп кетти, 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөт түзүлдү. Мени Адилет минстрлигине бекитишти. Ал кызматта жети айдай иштеп калдым. Анан коалиция түзүлүп, бул минстрлик «Ата Журт» партиясына тиешелүү болуп калып, алар өз кадрын алып келишти.

— Ушул министрликке сизди Өмүрбек Текебаев алып барган дешет? «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү белеңиз?

— Эч бир партияга мүчө болгон эмесмин. Бул кызматка алгачкы түзүлгөн өкмөт алып барган. Өмурбек Чиркешович профессионалдыгымды эс алып Роза Исаковнага сунуштаганы чын. Ошондон улам ушундай сөз тараса керек.

Парламенттик башкарууга өткөндө кабыл алган Конституциянын келечеги кандай? Себеби, ага карата сын-пикирлер алигүчнө токтой элек…

— Алигүнчө сын-пикир айтылып жатканы ырас. Ошол эле учурда «абдан жакшы Конституция жазылды» деген пикирлер да бар. Конституциялык реформада Адилет минстрлигинде иштеген балдардын салымы чоң, активдүү катышып беришти. Эл аралык авторитеттүү уюмдар дагы абдан жогорку баа берген.

— Адилет министрлигинде кандай маселелерди чече алдыңыз?

— Мыйзамды туура жолго коймоюнча, анын сапаты жогорулабайт. Анынсыңары, Адилет минстрлигинде иштебей турган мыйзамдар, мыйзам нормалары бар экен, ошолорду иштеттик. Мыйзамды иштешинде эң маанилүү нерсе: мыйзам коомчулукка, коомчулук менен иштеши керек. Коомчулук менен тагыз иш алып бара баштадык. Маселен, эл менен тез, оперативдүү байланышуу үчүн, алыскы аймактарда жашагандар интернет аркылуу арыз-даттанууларын жиберсин деп «Электрондук кабылдама» интернет-баракчасын ачтык. Антпесе, алыстын иши алыс, алардын каттары бир айда жетип, биз бир ай карап, ортодо көп убакыт өлөт. Айтмакчы, ал сайтыбызга зонада отургандардан да бери мунапыс тууралуу маалымат сурап, бир башка көйгөйүн айтып кат жазышкандары болду.

Андан башка саамалык: Адилет министлигинин алкагында балдар бөлмөсү ачылды. Айрым кызматкер айымдарыбыз ишемби, жекшемби күндөрү бала бакча иштебегендиктен балдарын ээрчитип келгендерин байкадык. Бала деген бала да, энелерин иштетпей кыйнашат. Анан түйшүктөрүн жеңилдетели деген ниетте, бөбөктөргө бөлмө ачып, бардык шарттарды түзүп бердик. Андан тышкары, үч мамлекеттик нотариалдык контораны капиталдык ремонттон өткөрдүк, ичин эмерек, техникалык керектүү жабдыктар менен камсыз кылдык. Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Соттук экспертиза имараты авариялык абалда болчу, анын ордуна бөлөк капиталдуу имарат алдык, ремонттодук. Санай берсек көп, аз убакытта бир топ иш бүткөрүлдү.

— Сиз Убактылуу өкмөттүн Декреттерин «мыйзамдуу» деп айттыңыз беле?

— «Аида Салянова декреттерди мыйзамдуу дептир» деген сөз кеткенин өзүм деле угуп жатам. Ушул жерден элге мыйзамдуу жана мыйзамсыз жагын түшүндүрө кетейин. Революциядан кийин Убактылуу өкмөт келип, убактылуу актыларды чыгара баштаган. Ал коркунуч нерсе эмес. Коркунучтуусу убактылуу келип алып, мурунку мыйзамдарды иштетип мыйзам чыгара баштаганда болот. Кырдаалга байланыштуу декреттер чыкты, чыгарбай коюуга да таптакыр мүмкүн эмес эле. Антпесе, баягы эл койгон талаптар аткарылбайт болчу. 70 тыйындык мобилдик байланыш кошумча төлөм, жарык баасын эски калыбына келтирүү, сатылып кеткен объектилерди кайтарып алуу боюнча убактылуу декреттер чыкпаса, ал ордуна келмек эмес. Ушул жагын да эске алыш керек. Такталбаган маалыматтар кетип калып, ушундай пикир жаратылып жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан талаш жараткан суроолор болсо, ММК өкүлдөрү силердей болуп кайрылышса, ачык, жаап-жашырбай жооп бергенге даярмын.

Жолдошум Бакыт алдыма: «жумуш же үй-бүлө» деп талап койгон жок

— Аялзаты кайсы иш-кызматта болбосун, биринчи орунга сөзсүз үй-бүлөнү коёт эмеспи. Сизге деле баарынан үй-бүлө жогору турса керек?

— Албетте, эң биринчи орунда үй-бүлөм турат. Жолдошум Бакыт да түшүнүктүү, акылгөй мырзалардан, алдыма: «жумуш же үй-бүлө» деп талап койгон жок. Тескерисинче, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берген жана берүүдө. Колум жетпей, жасай албай калган иштерди бүткөргөн дагы бир алтын адамым бар, ал  – АПАМ. Төгөрөгүң төп болуп, үй-бүлөң колдоп турса ишиң да ойдогудай жүрөт.

«Дарак канча мөмө байласа, ошончолук ийилет» деп апам алигүнчө айтат

— Кызматка көтөрүлгөнүңүздү үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

— Ата-энем кубанган деле жок, кооптонушту. Анткени алар кырдаалды байкап турушат, өз алдынча кетсең да, аларга бала бойдон калат экенсиң, «өтө опурталдуу учурда келдиң» деп тынчсызданышты. «Таза иштеп бер» деп президент сунуштаганын угуп жүрөктөрү басаңдап калды окшойт. «Мыйзам негизинде иш жүргүзсөң, бардык калганың оң болот, кор болбойсуң» деп батасын беришти. Жолдошумдун түшүнүктүүлүгүн башында айтып кеттим. Маанилүү маселелерди ортого салып кеңеш курабыз, чечимдеримди дайыма туура кабылдайт, колдоо көрсөтүп келет.

— «Кызматкер айымдар үйдө да өкүмчүл болот» дешет…

Үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет эмеспи. Жазылбаган жеке мыйзамдары менен жашайт ал мамлекет. Өз башчысы болот, ал албетте, аталар. Кызматта болобу катардагы айымбы, аял киши эркекке үстөмдүк кылбашы керек. Өзүм жолдошума өйдө карап сүйлөп, үн көтөргөн жан эмесмин. Жадагалса жолдошумдан ашыгып каалоо -тилек айтып тост сүйлөбөйм. Мактаныч кылып эмес, ортодогу сый-урмат, үй-бүлөлүк тең салмак аялзатынан көз каранды экенине ынанганымды айтып жатам.

— Негизи жолдошуңуздун кесиби кандай, кайда иштейт? Уул-кызыңыз кайда окуйт? Келечекте ким болгулары келет?

— Жолдошум эки кесиптин ээси: экономист жана юрист. Азыр бизнес менен алектенип жүрөт. Бир уул, бир кызыбыз бар. Тун уулубуз Бакай Америкада окуйт. Май айында 12-классты бүтүп келет. Кызыбыз Жасмин, 9 жашта, № 12 мектепте окуйт. Келечекте ким болгусу келерин ачык айтыша элек. Бирок кайсы кесипке ээ болушпасын, алардын келечеги жаркын болуп, чоң тамгалуу адам деген даражага жетишсин деп жакшы тилектерди тилеп келебиз.

— Кандай жар, кандай энесиз?

— Ар бир ата-эне балдарына туура тарбия берсе, алар келечектен жаңылбайт экен. Бизге ата-энебиз сүйлөгөнү, жүргөн-турганы, иш-аракети менен үлгү болду. Ата-эне балам жаман болсун дебейт экен. «Канчалык улук болсоң, ошончолук кичик бол», «Таза, ак пейил, ыймандуу, жөнөкөй болгула!» деп бизди тарбиялашты. «Дарак канча мөмө байласа, ошончолук ийилет» деп апам алигүнчө айтат. Анынсыңарындай, адамдан ыймандуулукту, жөнөкөйлүктү, кичипейилдикти издейм. Апама сөз тийгизбейин деп ыймандуу келин болгонго умтулдум. Жүгүнүү, жоолук салынуу сымал келинге тиешелүү салттарды кармадым. Жакшы жар боло алдым дегеним менен, балдарыма энелик мээримимди толук кандуу бере албай жатам. Ишке эрте кетип, кеч келем. Жумуштагы иштерди жасап, түн бир оокумда кеч кайтам. Канчалык кеч барсам да кызым уктабай күтөт. Күткөндөн тажабаса, чарчабаса мени менен бир аз ойнойт, китептерин, сабактарын көрсөтөт. Дайыма жомок окуп берип уктаткандыктан, жомоксуз уктаганга көнүп калганын билип, жетишейин деп жакшы эле шашылам. Ага иш деген иш экен. Чала-чарпыт мамилеме кээде кайгырам. Бирок азыр абдарып калгыдай учур эмес, өтөт-кетет, баары жакшы болот деп үмүт кылам.

— Кеч барсаңыз, анда үй жумуштарын ким кылат, же үй кызматкер кармайсызбы?

— Жок, үй кызматкер кармабайм. Канчалык чарчап турсам да, кеч барсам да үйдү өзүм жыйнап чыгам. Тазалыкты аябай жакшы көрөм.

— Ашканада кандай кожейкесиз? Кандай тамакты жакшы жасайсыз?

— Ашкана жагынан кайын-журтумдан, туугандардан, тели-теңтуш, тааныштардан мактоо эле угуп келе жатам.

Менин чоң атам — Салянов Элтуйбас

— Фамилияңыз эмне үчүн Салянова? Атаңыз башка улутпу?

— Чоң атам — Салянов Элтуйбас. Чоң бабамдын аты Салян болгон. Чынын айтсам, ысымы эмнеге мындай аталып калганын билбейт экем. Бирок өзүм таза кыргыз кызымын.

— Канча бир туугансыз?

— Алты бир туугандын улуусумун. Менден кийинки иним Улан. Мага жакын. Сырын айтып, дайым кеңешип турат. Мен дагы дайыма кеңеш сурап турам.

Менден кийинки иним Улан

— Ак-Талаадансыздарбы?..

— Ушу жерден бир нерсени ачык эле айтайын, ата-энебиз ажырашып кеткен. Атам Ак-Талаага кетип, ошол жакта жашап, иштеп калган. Ал жерде жакшы иштерди жасаптыр. Элге жасаган ишин айтышса, сыймыктанып калам. Ак-Талаада көп жыл жашап калгандыктан, «акталаалыктар» деп айтып жатышса керек. Нарындан болом.

Жердешчилсизби?

— Жок, андайга караманча каршымын, бөлүнүп-жарылуу дегенди жаман көрөм, өзүм да андай мамиледен алысмын.

— Канча тил билесиз?

— Эки тилде: кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйм. Англис тилинде оюмду түшүндүрүп, жеңил-желпи тиричилик денгээлинде баарлаша алам. Толук кандуу үйрөнүү ниетим бар.

— Ломонов атындагы орус мектепти бүтүргөн дешет. Кандай окудуңуз? Кайсы сабактар жакчу эле?

— Мен Чкалов атындагы мектепте окуп, артыкчылык аттестатын алгам. Ломонов атындагы мектеп – атам жашаган Ак-Таалада.  Тарых, орус тили жана адабиятын жакшы көрчүмүн. Эмнегедир 2-класста окуп жүргөндө эле «келечекте юрист болом» дептирмин. Юристтер жөнүндө кино көрүп, балалык кыял курсам керек да. Оозго сала бергендей, акыры ал кыялым орундалды.

— Классташтарыңыз менен байланышыңыз үзүлгөн жокпу?

— 20 жылдык жолугушуудан кийин жакшы катташып калдык.

— Көйгөйлөрү менен кимдер көп кайрылышат? Жакшы билгендерби, жакындарбы же жөн адамдарбы?

— Жөн адамдар: «Телевизордон сүйлөгөнүңдү көрдүк. Ушул маселени чечип бере аласыңбы?» деп келишет. Менде «министрмин, чоңмун» деген жаман адат жок, кайрылгандарга колумдан келсе жардам берем, колумдан келбесе жол-жобосун, кайда кайрылууну түшүндүрүп берем. Кайсы кызматка барбайын эң биринчи карапайым адамдардын көйгөйлөрүн чечкенге далалат жасайм. Кызматкерлериме да, «Карапайым элге далыңарды салбагыла. Аларга жакшы карагыла. Биринчи ошолордун маселелерин чечкиле. Кайдыгер карабагыла»»,- деп айтам.

Кызматкер менен карапайым адамдын айырмасын эмнеден көрөсүз?

— Балким билим, жөндөм-шык, айла-амал жагынан айырмабыз бардыр, бирок, адам деген атыбыз менен теңбиз. Болгону билимдүү, амалдуу адам жемин жердирбейт, укугун коргогонду билет, туңгуюктан чыгып кетет. А карапайым калктын көбү андай эмес, ошондуктан негизги көңүлдү аларга буруу керек!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Кыргызстан маданияты», 2011-жыл, апрель

One thought on “МАЕК — Аида САЛЯНОВА: «Чоң атам — Салянов Элтуйбас. Таза кыргыз кызымын»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.