«Тоос-Көлдөгү» акындар, ырга жакындар…

«Тоос-Көлдөгү» акындар, ырга жакындар…

Жакшы көрөмүн го?!

Бул рубриканы Жазуучулар Союзунун мүчөсү, журналист, акын, котормочу, философ, маркум Эрнис АСЕК уулу (Эшимканов) «Адамдар бири-бирине жылуу, жакшы сөз айтсын» деген ниетте ачып кеткен. Ыраазычылыгымдын башын байымдын сөзү менен баштайын.

Эрнис АСЕК уулу: «Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын деп самачумун»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн».

«Тоос-Көлдөгү» күтүлбөгөн сыйлык, күтүлбөгөн көз жаш…

«Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн» деп жогоруда ыраматылык жолдошум Эрнис айткандай, мен дагы жакшы сөз айтууну самачумун. Мага эстеликке калтырып кеткен «Алакан» сайты, рубрикасы аркылуу жакшы сөз, каалоо-тилек, ыраазычылыгымды жакшы адамдарга арнап жазып келатам. Азыркы кезек бир кезде «Алиби» гезитинде чогуу иштеген кесиптешим, учурда “Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмесинин жетектеп жаткан Кундуз Исмаиловада. Себеби, ал кечээ, 30-августта, 31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесин утурлай, акын, жазуучу, журналисттерге кезектеги сыйлыгын тапшырды. Алардын арасында мен дагы бар экем. Бул мага күтүүсүз белек (Диплом менен төш белги) болду.

Сыйлык алган чыгармачыл адамдар Кундузга алкышын айтып, ырларын көркөм окуп, созолонто ырдап, көңүлдүү отурушту. Акындардын ырларын уккан сайын Эрнисти эстеп, араң отурдум. Сыр бербегенге аракет кылдым, тилекке каршы, акыры көз жаш мөлт этти, мага сөз кезеги келгенде… Көрсө, мен көңүл ачууга дагы эле болсо даяр эмес экем… Көрсө, мен дагы эле болсо байымды кое бере элек экем… Бир жыл 7 ай 3 күн болду...  Ошентсе да, сагыныч, куса менден алыстай элек… Менин мындай абалымды байым 22 жашында эле жазып салыптыр:

Эми байымдын «Кубаныч илимин» (бул ырдын тарыхын жакында окуйсуздар) тартуулайм!

«Кубаныч илими» 

Сөзү: Эрнис АСЕК уулунуку

Обону: Темурлан ДАЙРАБАЕВдики

Аткаруучу: Темурлан ДАЙРАБАЕВ

Жашаш керек нурун чачып Сүйүүнүн,
Сени менен жолуккандын баарына.
Касиеттүү болуш эмес максатың,
Максатың — бул болуу дайым ак, таза.

Күнүмдүк бүгүңкүңдө максат керек:
Өзүңдү бүгүнкүгө байлап салуу,
Өзүңө, өзгөгө да чын дилиңден
Кубаныч тамчыларын арнап калуу.

Капалуу бирөөнү да жолуктурсаң,
Кубаныч нурун чачкын жашоосуна.
Алсыздык ээлеп келсе, кеңеш сурап,
Күчүңөн берише көр жолдошуңа.

Ошондо бүт өмүрүң өзгөрүлүп,
Батасын алып канча адамдардын,
Ак бата ак жолуңа алкыш болуп,
Арыштуу болор андан кадамдарың.

Өмүрдө кайгы болот, көз жаш болот,
Күч жеткис, көтөрө алгыс азап болот.
Унутпа Кубанычтын бар экенин!..
Кубаныч менен адам күчкө толот.

Урматтуу сыйлык ээлери!

1. Молдоболов Муратбек (Алтын калем)
2. Кудайбергенова Саадат (Алтын калем)
3. Кайыргүл Надырбек кызы (Алтын калем)
4. Максат Исакова (Ийгиликтүү инсан)
5. Жорупбекова Ханзада (Ийгиликтүү инсан)
6. Сапарбаев Сагындык (Өрнөктүү инсан)
7. Матыев Арстан (Өрнөктүү инсан)

8. Абдымомун Калбаев (Өрнөктүү инсан)

Сыйлыгыңыздар кут болсун! Кундуз, алкыш угуп, бата алуу кандай жакшы. Кечээги бата кабыл болсун! Жашоодо эки нерсе кымбат: өмүр менен көңүл, өмүрүңүздөр узун болуп, көңүлүңүздөр сынбасын! Байым Эрнис айткандай, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.