5 сутка манас айтууга бел байлап, Москвада манас айтып жаткан Дөөлөт Сыдыковду колдойлу!

5 сутка манас айтууга бел байлап, Москвада манас айтып жаткан Дөөлөт Сыдыковду колдойлу!

Төрт баланын (Эрболот, Байнур, Каган, Адеми) атасы, манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада үчүнчү күн манас айтып жатат.

Иш-чара Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата 5 күн, 5 түн жүрөрү айтылган, ал 31-августта башталган. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы, режиссёр Ырыс Окенова бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтүп жатканын билдирген.

Кечээ, 1-сентябрда 20 саат өткөндөн кийин бир аз тыныгуу болду.

Касиеттүү үй-бүлө…

Дөөлөт Сыдыковдой өнөрлүү уулду жарык дүйнөгө алып келген Мейрамгүл Сыдыкова апабыз. 75 жаштагы апа Баатыр эне, 12 бала төрөгөн. 12 бир туугандын тогузунчусу — манасчы уулу Дөөлөт Сыдыков. Дөөлөт 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылында туулган. Ысымын ыраматылык атасы койгон экен. Атасы Качкын Сыдыковдун көзү тирүү (2006-жылы көзү өткөн) болгондо быйыл 81 жашка чыкмак. Айтмакчы, Дөөлөттүн атасы, чоң аталары да манас айтышкан. Чоң апасы болсо, эгиздерди (үч эм, төрт эм) төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келиптир…

Эске сала кетсек, былтыр, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Дөөлөт Сыдыков манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктап — 14 саат 27 мүнөт тынбай эс албай, тамактанбай, суу ичпей манас айтып рекорд койгон.

Эми минтип Москвада манас айтып жаткан манасчыбыз Дөөлөт Сыдыковго бекем ден соолук, узун өмүр, ийгилик каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.